Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

АКШнын президенти Жорж Буш бүгүн Австралияга келди


Мунун алдында ал Индонезиянын Бали аралында болуп, президент Мегавати Сукарнопутри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана ага терроризмге каршы күрөштө колдоо билдирди. Буш жергиликтүү мусулман жана христиан динаятчылары менен да жолугуп, алардын Вашингтондун Жакынкы Чыгыштагы саясатына байланыштуу камтамачылыктарын укту. Буга байланыштуу Буш Кошмо Штаттары террорго каршы күрөштө эркиндик жана демократия коросон курал экенине ишенет, анткени адам укуктары сакталган эркин өлкөлөрдө жек көрүү, кусаматчылык жана кыянатчылык идеологиясы тамырлай албайт деп билдирди. АКШ, Буштун сөздөрүнө ылайык, Ооганстанда жана Иракта демократия жана эркиндик орнотуп, экономикалык прогресске жетишкиси келет. Мунун аркасында миллиондогон адамдарга жакырлыктан кутулуп, ырайымсыз репрессияларды унуткарууга жардамдашууну, кыйла коопсуз жана баракат коом түзүүгө көмөктөшүүнү көздөйт.

XS
SM
MD
LG