Багдаддагы пресс-конференцияда америкалык контингенттин колбашчысы генерал Рикардо Санчес ырастагандай, акыркы кездери бир аптанын ичинде америкалыктарга бери дегенде 35 ирет кол салып турушат. Бүгүн эле америкалык аскери автоколонна бомбага кабылды. Командачылыктын маалыматтарына ылайык, үч солдат жеңил жараат алышты. Ушул эле күнү Фаллужа шаарында да америкалык аскерлерге кол салынды, төрт солдат жарадар болду.