Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

«Менин өлкөм» партиясы президенттикке өз талапкерин көрсөтмөк болду


БИШКЕК. «Менин өлкөм» саясий партиясы 2005-жылы өтмөкчү болгон президенттик шайлоодо президенттикке өз талапкерлерин көрсөтөт. Мындай маалымат бүгүн партиянын уюштуруу иштери боюнча координатору Галина Куликовадан алынды. Андан тышкары, партия парламенттик шайлоодо да талапкерлерин көрсөтүп, жеңишке жетиш үчүн башка саясий партиялар менен блок түзүшү мүмкүн. Бул маселелердин бардыгы партиянын түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына байланыштуу бүрсүгүнү өткөрүлө турган кеңири пленумда талкууланат. Пленум партиянын ишкердүүлүгүн салмактап, алдыдагы милдеттерди аныктайт жана координациялык кеңештин курамына өзгөртүүлөрдү киргизет. Азыр партиянын 4500 мүчөсү бар. Беш жылдыкты 5000 мүчө менен тосуп алыш үчүн сентябрдан бери мүчөлүккө кабыл алуунун бир айлыгы өтүп жатат.

XS
SM
MD
LG