Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

Бишкектин Биринчи Май райондук соту түркиялык компанияга каршы доо арызды канааттандырган жок


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жеке ишкерлердин коомдук бирикмесинин президенти Кубанычбек Тезекбаевдин түркиялык «Beta Stores» ишканасынын жетекчилигине каршы берген доо арызын карап чыгып, аны канааттандырган жок. Быйыл июнда Кубанычбек Тезекбаев ««Beta Stores» ишканасы рекламалык көрнөк-жарнактарды кыргыз тилинде эмес, орус тилинде жазып, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили тууралуу» мыйзамды бузду» деп, ишкананын жетекчилигин сотко берген. Соттон ал Кыргызстандын мыйзамын аткарбаган ишкананы административдик айыпка жыгып, моралдык чыгым үчүн Кыргыз тил фондуна 1 млн. сом өндүрүп берүүнү талап кылган. «Мен Биринчи Май райондук сотунун чечимине нааразымын. Жакында шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылам» деп билдирди Кубанычбек Тезекбаев «Азаттык» радиосунун кабарчысына.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG