Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Израил палестин аймактарындагы тосмо дубалын узартууну убада кылды


Тель-Авив андай дубалын кыйратуу жөнүндөгү БУУнун атайын резолюциясына карабастан, ушундай чечим кабыл алды. Бул тууралуу Израилдин вице-премьер-министри Эхуд Олмерт мамлекеттик радио аркылуу жар салды. Палестиналык депутат Ханан Ашрави аны менен жөөт өкмөтү эл аралык коомчулуктун пикирин сыйлабарын далилдеп жатканын айтат. " Биз дагы бир ирет Израил өкмөтү эл аралык мыйзамдарды, эл аралык коомчулуктун пикирин, Улуттар Уюмунун чечимдерин сыйлабарына күбө болуп отурабыз", - деди палестиналык мыйзамчы Ашрави. Анын алдында жөөт аскерлери үч палестин согушкерин атып өлтүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG