Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:32

Бүгүн Мадридде Иракты калыбына келтирүү боюнча донорлордун жыйыны ачылат


Эки күндүк жыйынга Ирандын тышкы иштер министри Камал Харрази баш болгон 70тей өлкөнүн расмий өкүлдөрү катышат. Шаршембиде Мадридге барган Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан бул жыйын Ирактын келечегине чоң салым кошоруна ишенип турганын билдирди. "Алдыдагы эки күн чоң иштин башталышы болот деп ойлойм. Мен өкмөттөр анда Ирактын келечеги үчүн кандай иштер жасарын жарыя кылат деп күткөн жерим жок, бирок ушул эки күн – маанилүү башталыш болоруна ишенем", - деди Кофи Аннан. Дүйнөлүк банк жана Бириккен Улуттар Уюму Ирактагы кайра куруу иштерине алдыдагы төрт жыл ичинде болжол менен 36 млрд доллар талап кылынарын эсептеп чыгышкан. Европа Биримдиги алдын-ала Иракка бардыгы 750 млн евро бөлүштүрөрүн билдирди.

XS
SM
MD
LG