Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:23

БИШКЕКТЕ «КЫРГЫЗСТАН-ОРУСИЯ» ИНВЕСТИЦИЯЛЫК ФОРУМУ БАШТАЛДЫ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Шаршембиде Бишкекте, Өкмөт Үйүнүн чоң залында «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форуму өз ишин баштады. Аны Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев ачты. Евразия Экономикалык Шериктештигинин (ЕврАзЭС) баш катчысы Григорий Рапота ЕврАзЭСке кирген мамлекеттердин инвестициялык кызматташтыгы тууралуу доклад окуду. Бул жыйын инвестиция тартуу боюнча ар кыл багыттагы «тегерек үстөлдөр» менен уланат.

Форумду ачылышында сөз сүйлөгөн Николай Танаев Орусия менен Кыргызстандын мамилеси жыл өткөн сайын бекемделип атканын белгилеп, буга далил катары эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн өлчөмү арбыганын көрсөттү. «Форумга ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапотанын катышып отурганы бул форумдун өтө олуттуу жана абройлуу жыйын экенин далилдейт» деди өкмөт башчысы. Анын айтымында, бул форумдан кийин СССР ыдыраганда үзүлгөн айрым карым-катыштар кайра жанданышы керек. Ал эми ЕврАзЭСтин баш катчысы Григорий Рапота ЕврАзЭСтин алкагындагы инвестициялык абалга токтолду. Анын айтымында, Орусия менен ириде Беларустун жана Казакстандын инвестициялык жактан мамилеси бекем болуп жатат. Айрыкча коңшу Казакстанга орусиялык инвесторлордун көп келиши акыркы жылдары даана байкалууда. Бул өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанга Орусия тараптан тартылган инвестиция азыраак болуп жатат.

Григорий Рапотанын сөзүнө караганда, эки тараптан тең мындай абалды жакшыртууга чындап аракет көрүлдү. Мисалы, бул форумдун аягында Бишкектеги айнек заводун чогуу иштетүү боюнча келишимге кол коюлат. Ал жакында Бишкекке Орусиядан 300 автобус келээрин да сүйүнчүлөдү. Мындан тышкары, Орусия Алайдагы Кызылбулак көмүр кенин иштетүүгө салым кошкусу келет экен. Камбарата ГЭСинин курулушуна да Орусия билек түрүнө киришмек болуптур. Жаңыдан оңдолгон «Тамчы» аба майданын эл аралык деңгээлде жабдып, оңдоп чыкканга да Орусия тараптын салым кошуу ниети бар экен. Форумга Орусиянын министрлери жана мамлекеттик чоң мекемелеринин башчылары да катышты. «Орусиянын бирдиктүү энергосистемасы» акционердик коомунун төрагасынын орун басары Сергей Дубининдин айтымында, энергетика системасында талкуулана турган маселелер арбын. «Бул келишибизде Кыргызстандын электр энергиясын сатып алуу боюнча сөз болот» дейт ал.

- Биз бул жакка Казакстан аркылуу Орусияга электр энергиясын жеткирүү маселесин талкуулаганы келдик. Балким бул багытта курулуш иштери жүрүшү мүмкүн. Ал эми менчиктештирүү процессине катышуу маселеси азырынча көтөрүлө элек, - дейт Сергей Дубинин.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Энергетика агенттигин жетектеген Уларбек Матеевдин айтымында, энергетика тармагын сатып алууга, кызматташууга ынтызар болгон орусиялык инвесторлор да бар.

- Азыр мен баарын ачык айта албайм, азыр соодалашуу жүрүп атат. «Соодада достук жок» дейт. Алар өз шартын, биз өз шартыбызды айтып атабыз. Сүйлөшүү абдан кыйын, оор болуп атат, - дейт Уларбек Матеев.

Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеген Камиля Кененбаеванын пикиринде, ириде Совет убагындагы ишканалардын ортосундагы байланыштарды кайрадан жандандыруу зарыл. Анын оюнда, Кыргызстандагы сурьма комбинаты, машина куруу заводу өңдүү ишканалар Орусиядан алынып келинчү чийкизат болмоюнча күн көрө албаган соң, Совет бийлиги кулагандан кийин солгундаган карым-катыштарды кайра жандантуу зарыл.

Кыргыз коомчулугунда «Кыргызстан Орусиясыз күн көрө албайт» деген ойлор бар. «Совет убагында Кыргызстандан ташылып барган продукциянын даамы орусиялыктардын таңдайынан кете элек» дейт «Кыргыз тамекиси» акционердик коомунун төрагасы Аскарбек Эрматов. Ал жакында эле Орусиядагы көргөзмөдө болуп келген. «Бул сапарымда биздин тамеки орусиялыктарга керек экенин түшүнүп келдим» дейт ал.

Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Равшан Жээнбековдун оюнда, Кыргызстандагы айрым тармактарды Орусиясыз элестетүү кыйын. Ал Кыргызстанда атайын Орусияга багытталып, анын көмөгүнө таянып курулган өнөр жай тармактары катары машина курууну, металлургияны, аскердик өндүрүштү мисал келтирди. Оор абалда турган мурдагы Ленин заводу буга жакшы далил. Азыркы Бишкек машина куруу заводунун жашоосун Орусиясыз элестетүү мүмкүн эмес. Президент А. Акаев оор өнөр жайын ар тараптан колдоо боюнча жарлык чыгарып, ал тармакка бийлик канчалык басым жасабасын, Орусиядан чийкизат алынып келинбесе, орус өкмөтү бажы жана салык жүгүн жеңилдетпесе, чет жактан буюртма түшпөсө ал тармактын баш көтөрүшү кыйын.
XS
SM
MD
LG