Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

БҮГҮН КЫРГЫЗСТАНГА ОРУСИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ВЛАДИМИР ПУТИН КЕЛЕТ


Бүгүн Кыргызстанга Орусиянын президенти Владимир Путин иш сапары менен келет. Мурда кабарлангандай, Орусиянын жана Кыргызстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда ушул эле күнү Канттагы авиабазанын ачылышы күтүлөт. Владимир Путиндин Кыргызстандагы иш сапары кандай пикирлерди жаратууда?

Владимир Путиндин Бишкекте боло турган иш сапарын Кыргызстандагы Славян фондунун жетекчиси Валерий Вишневский эки өлкөнүн мамилесиндеги жаңы кадам катары баалайт.

- Бул 2000-жылы эки мамлекеттин ортосунда кол коюлган «Түбөлүк достук жөнүндөгү» келишимдин турмушка ашып жатканына далил. Мен эки мамлекет ортосунда экономика, билим берүү жана террорго каршы күрөш боюнча жаңы кадамдар жасалат деген ойдомун, - дейт Валерий Вишневский.

Анын айтымында, Борбор Азиянын башка мамлекеттерине салыштырганда Кыргызстанда майда улуттарга ылым санаган мыйзамдар кабыл алынган. Ошентсе да Кыргызстандагы орустар өнөр жайынын оор абалынын терс таасирин сезип жатышат.

- Тилекке каршы, орус тилдүү калк нан таап жеп аткан өнөр жайынын абалы жакшы эмес. Бул бизди тынчсыздандырат. Бирок, менин оюмча, жаңы кыргыз-орус мамилеси, жаңы келишим жана жаңы биргелешкен ишканалар өнөр жайын көтөрөт деген үмүт бар, - дейт Валерий Вишневский.

Акын жана журналист Шайлообек Дүйшеев «В. Путиндин Кыргызстанда боло турган иш сапары президент А.Акаевдин тышкы саясатты жакшы жүргүзүп жатканын айтып турат. Бирок тышкы саясатты карап, орус тилине ырасмий тил макамынын берилиши кыргыз тилинин абалына терс таасирин тийгизди» дейт.

- Андан көрө кыргыз тилин өнүктүрсөк болмок. Кээде жүгүнүп жибермейибиз бар, аларга теңата болалбай, - деди Шайлообек Дүйшеев.
XS
SM
MD
LG