Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

УКУК КОРГООЧУ УЮМ АКШНЫ КАРАПАЙЫМ АДАМДАРДЫН ӨЛҮМҮН ИЛИКТӨӨГӨ ЧАКЫРАТ


«Хюман Райтс Уотч уюму» АКШ армиясына "Ирактагы аскерлери карапайым кишилерди өлтүргөн учурларды жеткиликтүү териштирбейт" деген доомат койду. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан бул уюмдун кечээ (ушул дүйшөмбүдө) жарык көргөн отчёту менен тааныштырып, микрофондо Жаңыл Жусубжан.

«Хюман Райтс Уотч» 1-майдан сентябрдын аягына чейин, башкача айтканда, Вашингтон Иракта ири согуш операциялары бүттү деп жарыялагандан кийинки беш айдын ичинде 20 карапайым кишинин америкалык аскерлер колдуу болгондугун аныктаган. 56 беттен турган отчётунда бул эл аралык укук коргоочу уюм ошондой эле Ирактын баш калаасында 94 карапайым кишинин өлүмүнө байланыштуу тергөө жүргүзүлбөгөнүн эскертет. Уюмдун Брюсселдеги өкүлү Жан-Поль Мартоз Ирактагы оккупациялык күч катары, Кошмо Штаттары карапайым элдин алдындагы жоопкерчилигине олуттуу мамиле жасашы керек дейт:

- Биз Балкан согуштарында, Косоводо жана башка соңку жаңжалдарда карапайым кишилер курман болгон учурларды такай иликтеп келебиз. Кошмо Штаттары - Иракты басып турган өлкө, ошондуктан карапайым калктын алдында айрыкча милдеттери бар. Америкалык аскерлер аша чаап, алабармандык кылган учурлар өтө көп болгонуна тынчсыздануу айтылып келатат. Бул абалга АКШ армиясында да нааразы болгондор болду.

Иракта коалициялык аскерлер басып кирип, оккупациялап алгандан бери канча карапайым ирактык алар колдуу болгону так маалым эмес. АКШ армиясынын өкүлдөрү "биздин аскерлер аларды атайылап өлтүрбөгөндөн кийин, биз мындай санак жүргүзбөйбүз" деп айтышат. Ал эми “Ирактын Өлүм Санагы” деп аталган көз карандысыз уюмдун эсебинде согуш башталган март айынан бери 7400дөн 9200гө чейинки сандагы киши АКШ армиясынын огунан набыт болду.

“Хюман Райтс Уотчтун ” билдиришинче, АКШ армиясы беш кишинин өлүмү боюнча гана жогорку деңгээлде тергөө жүргүздү. Анын ичинен төртөөндө америкалык аскерлер "кырдаал талап кылган эрежелердин" чегинде аракеттенди деп табылган. Ал эми бешинчиси боюнча тикучманын пилотуна жана анын командирине административдик чара колдонулган.

«Хюман Райтс Уотч» уюму өзү эки кишинин өлүмүн иликтеп, "америкалык аскерлер ашыкча күч колдонгон" деген бүтүм чыгарган. Бул окуянын биринде алар колун көтөрүп турган кишини атып салышкан. Сөз кайра уюмдун өкүлүндө:

- Биз АКШнын армиясын атуулдарды атайылап бутага алат деген жокпуз. Биз ошондой эле Ирактагы АКШ аскерлеринин кооптуу шартта милдетин аткарып жатканын да түшүнөбүз. (Бирок) АКШ армиясы карапайым курмандыктардын маселесине согуш курмандыктары менен бирдей карашы керек. Армия жетекчилиги аскерлердин калкка карата мамилесинин таасирине чоң маани берээрин көргөзүшү керек. Биз ошондой эле АКШ армиясы анын аскерлери аша чапкан алабармандыгы шектелген учурларга создуктурбай ачык тергөө жүргүзүшүн каалайбыз.

“Хюман Райтс Уотчтун» бул дооматтарына Пентагондун маалымат катчысы майор Жозеф Йосва жооп берди. "Жаңжалдарда кокустук болбой койбойт, (бирок) бир эле киши кокустуктан өлсө, өтө өкүнүп, катуу кабатыр болобуз", - деди ал.Пентагондун өкүлү мындан тышкары "карапайым калкты сактайм деп америкалык аскерлер өз өмүрлөрүн тобокелге салганга чейин барышат" деп айтты.

Май айынан бери Иракта АКШ армиясы 100дөн ашык аскеринен айрылды. Жозеф Йосва ошондой эле АКШлык аскерлер ирактык атуулдун канына забын болду деп айыпталган учурлар сейрек экенин белгилеп, мындай учурлар ар дайым кылдат иликтенип, тийиштүү чара көрүлөт деп ырастады.

Бирок «Хюман Райтс Уотч» көптөгөн күмөндүү учурлар убагында жана тийиштүү деңгээлде тергелбегендиктен, Ирактагы америкалык аскерлердин арасында "эч ким биздин кылыбызды кыйшайта албайт" деген текебер түшүнүк пайда болгонун белгилейт.

XS
SM
MD
LG