Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

КОШМО ШТАТТАР АЗЕРИ БИЙЛИГИН ДҮҢҮНӨН КАМАККА АЛУУЛАРГА ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ


Азербайжандагы 15-октябрдагы президенттик шайлоону жана андан кийинки бийлик менен оппозициянын тирешүүсүн чагылдыруу маалында ондогон журналисттер жаракат алышты. Эл аралык укук коргоочу уюмдар азери коопсуздук күчтөрүнүн ашкере күч колдонгон чараларын кескин сынга алды. Ал эми Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитэж президенттикке шайланган Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, аны “советтик ыкмалар” аркылуу тартипти бекемдөөгө азгырылбоого чакырды.

“Журналисттерди коргоо комитети” аттуу эл аралык уюмдун маалымдашынча, оппозициячыл демонстранттар менен полициянын 16-октябрда Бакуда болгон кагылышуусун чагылдыруу маалында бир нече ондогон журналисттер ур-токмокко кабылган.

“Хюман райтс уотч” уюмунун билдиргенине караганда, полиция демонстранттарды таркатуу маалында резина ок, таяк, үйрөтүлгөн иттерди жана жаш агызуучу газды пайдаланган. Дээрлик 300дөй киши кармалып, ал эми алардын бири Хамидага Захидов полициянын таягынан улам өмүрүнөн айрылган. “Журналисттердин эл аралык федерациясынын” билдиришинче, 15-17-октябрдын аралыгында 73төй журналист полиция тарабынан убактылуу кармалып, ар кандай деңгээлде запкы көргөн.

Укук коргоочулардын жана байкоочулардын мындай кабарлары эл аралык коомчулуктун көз жаздымында калган жок. АКШнын Мамлекеттик департаментинин катчысынын орун басары Ричард Армитэж шаршембиде Бакуга телефон чалып, президенттикке шайланганы расмий жарыяланган Илхам Алиев менен соңку окуялар тууралуу сүйлөштү. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Адам Эрелинин айтымында, Армитэж Илхам Алиевдин шайлоодо ишенимдүү жеңишке жетишкенин белгилөө менен бирге, адам укуктары маселесине да басым жасаган:

- Мамлекеттик катчынын орун басары Алиев мырзага кылмыш кылган кишилер, алардын оппозицияда же полиция кызматында болгонуна карабастан, жазаланышы керектигин да айтып, ошондой эле Алиевдин советтик усулдагы иш-аракеттер аркылуу кырдаалды ого бетер курчутуп албоосун эскертти.

Эрели мырза Кошмо Штаттарда Алиевдин добуштардын басымдуу көпчүлүгүн алганына да маани беришээрин, АКШ Азербайжандын жаңы өкмөтү менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ал эми Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ушул таптагы президенти, голланд тышкы иштер министри Йаап де Хооп Схеффер расмий Бакуну саясий мүнөздөгү камакка алууларды токтотууга чакырды:

- Мен президенттикке шайланган Илхам Алиевге мындай деп айттым: албетте, бул жаатта соңку сөз сотко таандык, бирок эгерде кишилер шайлоодон кийинки маалда чекилик кетирсе, же зомбулук аракеттерди пайда кылган кылмыш ишине барса, анда алар жазага тартылышы керек. Бирок биз мындай ишке баргандар менен башка себептер, саясий себептер аркылуу камалууга кириптер болчу кишилердин ажырымын таасын көрсөтүүгө тийишпиз. Албетте, мындайга жол берүүгө болбойт.


Азербайжандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, АКШда дарыланып жаткан президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев добуштардын дээрлик 80 пайыздайын алган, ал эми анын негизги атаандашы, Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбарды 12 пайыздай гана шайлоочу колдогон. Азери оппозициясы БШКнын расмий жыйынтыгын “бурмаланган маалымат” деп четке кагууда. АКШ менен ЕККУ Азербайжандагы соңку шайлоо эл аралык стандартка төп келбестигин да белгилешкен.

XS
SM
MD
LG