Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Кантта россиялык аскер базасынын ачылышы регионго агылгалап байкоо салып турушкан чет элдик эксперттер менен аналитиктердин,бир катар маалымат каражаттарынын да назарын бурду. Алардын көпчүлүгү бул окуяны аталган базанын кимге,биринчи кезекте Россияга канчалык кажети бар, ал Кыргызстандын өзүнө эмне берет, жалпы эле региондогу саясий абалга кандай таасирин тийгизет? - деген өңдүү соболдордун аңытында комментариялап жатышат.

Канттагы аскери аэродром дүйнөлүк экинчи согуштун жылдарында курулган. Учурунда аны Ооганстандагы советтик аскерлердин ооруктагы плацдармы катарында активдүү пайдаланышкан. Ал эми Советтер Союзу кулаган соң ал дээрлик каралбай калган эле. Авиабазаны кайра куруп чыкканга орус өкмөтү 80 миллионго чукул рубль ажыратты жана аны аскери жарак-жабдыктар менен камсыздаганга 220 миллион рубль сарпталды. Эми аны кармап туруш үчүн Россияга жыл сайын 50 миллион доллар каражат карыштаганга туура келет. Акырында коллективдүү коопсуздук келишиминин алкагында Тажикстанда жана Казакстанда жайгаштырылган россиялык аскер контингенттери бар. Андай болсо Канттагы авиабазанын канчалык кажети бар эле?

Орус президенти Владимир Путиндин сөздөрүнө ылайык, Борборазияда азыр аскери-саясий кырдаал жалпысынан стабилдүү, бирок терроризмдин сырттан туулчу коркунучуна көз жумуп койгонго болбойт. Ушул мааниде алганда Канттагы авиабаза ар кошкон террордук күчтөрдү ооздуктоочу фактор болот. Бул база силердин жана биздин жалпы коопсуздугубуз үчүн түзүлүүдө, деп кошумчалады Путин жергиликтүү калкка кайрылып.

Кыргыз президенти Аскар Акаев Канттагы базаны бир жагынан өлкөнүн коопсуздук кепилдиги, экинчи тараптан Кыргызстандын Россия менен союзу чыңдалып баратканын ырастаган көрүнүш катары баалады. Президент Акаев ырастагандай, Канттагы база “Манас” аэропортундагы эл аралык базадан айрымаланып туруктуу негизде түзүлүүдө. Муну орус президенти Путин да бышыктады. “Манастагы” америкалык,тагыраагы эл аралык коалициянын базасы Ооганстандагы террорго каршы күрөштүн конкреттүү милдеттерин чечкени жана ушул операцияны өткөрүү мөөнөтүнө ылайыкталып түзүлгөн, ал эми Кантта ачылган россиялык авиабаза башкача милдеттерди аркалайт, баарыдан мурда Кыргызстандын өзүнүн, жалпы Борборазия аймагынын коопсуздугун камсыз кылат.

Өткөн айда Россиянын коргоо министри Сергей Иванов Кантта авиабаза ачылып жатканы кокустук иш эместигин эске салган. Бу жерде Россиянын улуттук таламдары, ошондой эле коллективдүү коопсуздук келишимине кирген региондогу өнөктөштөрдүн кызыкчылыктары эске алынып жатат. Орус министри да регионду негизинен стабилдүү,бирок таатал аймак деп сыпаттаган эле.

Эл аралык мамилелер боюнча Москвадагы иликтөө борборунун орунбасар директору Артем Малгин Канттагы авиабазанын түзүлүшүн аскери жүйөөдөн алганда жөндүү деп эсептейт. Тажикстанда россиялык жөө аскерлердин 201-дивизиясы жана чек ара бөлүктөрү бар экенин эске салып, Малгин Канттагы авиакүчтөр аларга маанилүү кошумча болот, айрыкча абадан коргонуу операцияларында чоң пайда-батасы тиет деген ишенимде.

Нью-Йорктогу Карнеги фондусунун өкүлү,борборазия боюнча белгилүү эксперттердин бири Марта Брил Олкотт бул иштен президент Акаевдин бир эле мезгилде ири державалар менен алакасын чыңдап, ошол эле учурда алардын эч кимисине көз каранды болгусу келбеген саясатын көрөт. Олкоттун баамында Канттагы авиабаза Кыргызстандын эл аралык абалына биресе Кошмо Штаттардын, экинчиден Россиянын, балким, ошондой эле өлчөмдө Кытайдын да коопсуздук таламдары менен байланган маанилүү түйүн өңдүү түр берүү үчүн зарыл болду.

Ошол эле Нью-Йорктогу Евразия тобунун аналитиги Арабэлла Филлимор соңку кездери Россия региондогу бир катар өлкөлөр,анын ичинде Өзбекстан жана Казакстан менен жакындашуу багытында олуттуу кадамдарды жасаганын белгиледи. Мунун өзү Борборазиядагы өлкөлөр АКШ менен стратегиялык кызматташтык алакаларын түзгөндүгүнө карабастан алар үчүн Россия жакын жана ишенимдүү союздаш бойдон каларын көрсөтөт.

Ошол эле учурда Филлимор да, Олкотт да Канттагы россиялык авиабаза региондогу күчтөрдүн балансын өзгөртө албайт, АКШ менен НАТОнун Борборазияда өсүп бараткан ролун экинчи планга сүрүп сала албайт деп эсептешет.
XS
SM
MD
LG