Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

КАНТТА ОРУСИЯНЫН АВИАБАЗАСЫ АЧЫЛДЫ


23-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин катышуусунда Канттагы орус авиабазасы ачылды. Кыргызстандын мамлекет башчысынын айтымында, «Манас» аба майданында жайгашкан антитеррордук күчтөрдүн П. Ганси атындагы авиабазасы Ооганстандагы атайын тапшырманы аткарыш үчүн убактылуу жайгашкан, ал эми Канттагы орус авиабазасы туруктуу иштеш үчүн ачылып жатат.

Орусиянын жана Кыргызстандын мамлекет башчылары Кантта эки мамлекеттин аскерлеринин алдында кезектеше сөз сүйлөштү. Орусиянын президенти Владимир Путиндин айтымында, Эл аралык антитеррордук коалициянын «Манастагы» авиабазасынан айырмаланып, «Кант» аба майданындагы авиабаза ириде Кыргызстандын жана Кыргызстан жайгашкан Борбор Азия аймагынын коопсуздугун сакташ үчүн ачылды.

- Биз азыр ачкан орус авиабазасы башка милдетти аркалайт, - деди Орусиянын президенти. - Ал Кыргызстандын, Кыргызстан жайгашкан аймактын коопсуздугун сактайт. Албетте, ал Орусиянын аймагында террорчулукка каршы күрөшкө да жагымдуу шарт түзөт.

Террорчулукка каршы күрөш тууралуу маселени козгогон Владимир Путин туура бир жыл мурда «Норд-Остто» болгон окуяны жана 3-4 жыл мурдагы Баткен окуясын мисалга тартты.

- Биз азыр эле президент менен ушул тууралуу сүйлөшүп, ал окуяларды эсибизге салдык, - деди ал. - 1999-2000-жылдары террордук топтор бул жерге өз үйүнө киргенсип кирип келип, адамдарды өздөрү каалагандай өлтүрүшкөн. Эгерде ошол учурда авиабаза болгондо, окуя башка сценарийде өнүкмөк. Буга менин кылдай да шегим жок.

Кантта авиабаза ачуу демилгеси, Владимир Путиндин айтымында, Аскар Акаевге таандык.

- Анын түздөн-түз катышуусу менен чукул мөөнөттө керектүү документтер даярдалды жана макулдашылды. Авиабазаны ачуу боюнча иштер аткарылды, - деди Владимир Путин.

Эки мамлекеттин башчылары тең «Канттагы авиабаза менен «Манас» аба майданындагы П. Ганси атындагы авиабазанын ортосунда эч кандай карама-каршылык жок» деп билдиришти. Орус президентинин сөзүнө караганда, «Ганси» авиабазасы Ооганстанда террордук топторду жок кылыш үчүн убактылуу ачылган.

- Ал Ооганстандагы террорчулукка каршы күрөштө атайын тапшырманы аткарыш үчүн жана ошол тапшырма бүткөнгө чейин түзүлгөн. Бир база экинчисин толуктайт. Биз америкалык өнөктөштөрүбүз менен мындан да кеңири алкакта террорчулукка каршы күрөштө кызматташабыз.

В. Путинге «Кант» аба майданынын элден обочодо жайгашканы, кошумча курулуштарды тургузууга ыңгайлуу жеринин кенендиги жана учак тилкелеринин сапаты жакты:

- Биз Аскар Акаев менен эмдиги жылы биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүү тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн айрым бөлүгү Кантка келет. Ал, биргелешкен операцияларды жүргүзүш үчүн керектүү сандагы жөө аскерлерди кабыл алууга авибазанын мүмкүнчүлүгүн бекемдеш үчүн да керек.

Аскар Акаевдин ою боюнча, Кыргызстан Борбор Азиядагы коопсуздукту сактап жаткан бирден бир өлкө болуп саналат. Ал эми кыргыз-орус аскердик кызматташтыгы болсо аймактагы жана аны менен кошо дүйнөдөгү коопсуздукту сактоого чоң салым кошот.

- Мен бүгүн бул авиабазада туруп, урматтуу Владимир Владимирович, Сизди жана сиз аркылуу улуу орус элин Кыргызстан Орусиянын түбөлүккө ишенимдүү досу болуп калаарына ишендирип кетем, - деди президент Аскар Акаев.

Кантта эки өлкөнүн башчыларына, бийлик адамдарына жана журналисттерге Су-27 учактарынан төртөө жана Су-25 учагынан бирөө абада оюн куруп, өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG