Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

ҮЙ-БҮЛӨ КОДЕКСИ МАРОККОЛУК АЯЛДАРГА БОШТОНДУК АЛЫП КЕЛЕТ


Диний турмушка арналган кезектеги берүүбүздөн Марокконун үй-бүлө кодексиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Эскичил көз-караштагы динчилдер менен прогрессивдүү күчтөрдүн тирешүүсүнүн натыйжасында эми марокколук аялдарга чыныгы боштондук алып келе турган реформалар жүргүзүлө баштайт.

Октябрдын 10унда Марокконун падышасы Мохаммед Төртүнчү эркектер менен аялдардын өз ара мамилелеринин укутук негизи реформаланат деп жарыялады. Парламенттин алдында сүйлөгөн сөзүндө Мохаммед төртүнчү жаңы үй-бүлө кодекси эркектердин ар-намысына шек келтирбей туруп, аялдар менен балдардын укуктарын коргоого багытталат деп айтты.

Жаңы кодекс боюнча кыздардын турмушка чыгуу жашы 15тен 18ге жогорулатылат. Башкача айтканда, мыйзамда каралган эрезе жашына чейин көтөрүлгөн. Мындан ары марокколук аялдар күйөөгө чыгуу үчүн атасынан расмий уруксат алууга милдеттендирилбейт.
Полигамия же көп аялдуулук расмий түрдө кала берет. Бирок бул жаатта да бир топ өзгөрүүлөр болмокчу. Баш кошуунун алдында болочок келин эркектен токол албоону шарт катары кое алат. Ал эми күйөөсү дагы бир жубай алам десе, аны каалабаган аял ажырашууну да талап кыла алат.

Эң негизгиси, кодекс боюнча үй-бүлөдө аялдардын эркектерге толук баш ийүүсү жоюлмакчы. Үй-бүлө үчүн жоопкерчилик эки жубайга тең жүктөлөт. Андан тышкары, баш кошуу контракты аркылуу аялдарга ажырашуудан кийинки кепилдиктер да берилет. Атап айтканда, үй-мүлктү, башка байлыктарды бөлүштүрүүдө тең укуктуулук сакталат.

Балдар болсо ажырашуудан кийин энеси менен калууга укук алышат. Жаңы мыйзамды ишке ашыруу үчүн атайын юридикалык орган - үй-бүлө арбитраждары түзүлөт.
Ошентип, реформа жүргүзүлө баштаса, буюрса, марокколук кыз-келиндер чыныгы боштондукка чыгып, эркектердин үй-бүлөдөгү үстөмдүгүнөн арылышат.

Арийне жаңы кодекстин таржымалына кайрылсак, бул өзгөрүүлөргө карай жол анча оңой болгон эместигин көрсө болот.
Падыша Мохаммед Төртүнчү 1999-жылы тактыга отургандан бери өзүнүн прогрессивдүү идеяларга жакындыгын тастыктап, аялдардын эмансипациясы жөнүндө көп сөз кылып келген. Атасы Хасан экинчинин өлүмүмнөн кийин өзүнүн алгачкы эле кайрылуусунда жаш падыша “коомдун жарымын түзгөн аялдардын кызыкчылыктары тепселенип жаткан кезде алга жылууга кантип үмүт кыла алабыз?”- деп айткан эле.

Көп узабай, социалисттердин өкмөтү эски “Мудавананы” реформалоо демилгесин көтөрүп чыкты. “Мудавана” – байыркы малекиттердин, же сунни мусулмандардын бир бутагы болгон агымдын кодификацияланган эрежелер жыйнагы. 1958-жылы, өлкө француз оторчулугунан арылган соң, ошол эрежелер мыйзам катарында таанылган. Үй-бүлөөдөгү мамилелер ошол жобо аркылуу аныкталып турчу.

Аялдарга экинчи сорттогу киши катары мамиле кылууну токтотуу максатын көздөгөн бул план исламчылардын гана эмес, коалициядагы айрым консерваторлордун да нааразылыгын пайда кылган. 2000-жылы исламчылар Касабланка шаарында 600 миңдей адамды чогултуп, реформага каршы демонстарция өткөрүшөт. Ошондо “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы, шейх Ясиндин “Адилетик жана рухийлик” ассоциациясы өздөрүнүн чыныгы күчүн, калк арасында кеңири колдоого ээ экенин көрсөтө алышты. Феминисттер да, алардан артта калбай, бийликтеги кээ бир партиялардын көмөгү менен Рабат шаарында 200-300 миңдей тарапкерин көчөлөргө алып чыгышат.

Окуялардын мындай өнүгүшүнөн чочулаган падыша атайын комиссия түзөт. Акылмандар 2 жыл бою ак да дебей, көк да дебей, ушул октябр айына чейин үн чыгарбай турушту. Акыры Мохаммед төртүнчү элдин аң-сезимине сиңген эскичил көз-караштарды өзгөртүү жолун тандайт. Буга Касабланка калаасында жазында болгон терракт да жакшы огожо болду. Марокко калкын дендароо абалында калтырган жардыруудан кийин исламчылар менен консерваторлор коомду бөлүп-жарууда деген айыптоолордон оолактап, реформаларга болгон каршылыгын бир аз басаңдатышты. Шейх Ясиндин кызы Надия Ясин: “Жаңы кодекс үй-бүлөдөгү адилеттүүлүк идеясына, исламдын булактары менен анын рухуна карай кадам”, - деп комментариялады.

Ошол маалда мурдагы отор өлкөдө сапарлап жүргөн француз президенти Жак Ширак жаңы реформаларды кубаттап, аларды “Марокко коомчулугу үчүн алга жылуу” катары сыпаттады. «Мохаммед Төртүнчүнүн диний үрп-адаттар менен заманбап идеяларды айкалыштыруу тажрыйбасы башкалар үчүн да үлгү боло алат», - деди Жак Ширак.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG