Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

КЫРГЫЗ-СЕЯНЬТО МАМИЛЕЛЕРИ


Сели кагандын бийлик жүргүзгөн заманы жана Биринчи Чыгыш Түрк Каганатынын кулаган кези - кыргыздардын саясий абалы жана мамлекеттүүлүк тарыхы үчүн мааниси зор мезгил.

Кыргыз тарыхнаамасында бул мезгил кытай булактарындагы “кыргыздар мурда Сеяньто үйүнө баш ийишчү, алар жалпы башкаруу үчүн өздөрүнүн сылифасын жиберип турушчу» деген супсак саптар түрүндө кайталанат. Бирок андагы геосаясий кырдаалга маани берилип, талдоо жүргүзүлө элек. Кыргыз тарыхында орун алган бош саптарды калыбына келтирүүдө «Тайпин-хуаньюйцзы» жазма дарегиндеги «сейяньтолор Сиелиге (Сели каган - М.К.) ал жакка (кыргыздарга-М.К.) жалпы башкаруу кылыш үчүн бир адамды жиберүүгө буйрук кылышчу» деген маалымат жардам берет.

Эмнегедир кытай жазма булактарында келтирилген, кыргыз тарыхы жана мамлекеттүүлүгү үчүн маанилүү бул маалыматтар В.В.Бартольддун, С.В.Киселевдун, Л.Р.Кызласовдун, Ю.С.Худяковдун изилдөөлөрүндө, ал гана эмес кыпчактар тууралуу атайын китеп жазган С.М.Ахинжановдун эмгегинде көз жаздымда калган. Жогоруда аттары аталган окумуштуулар Борбордук Азияда жаралган геосаясий кырдаалды эске алышпастан, жазма булактык жупуну саптарга шилтеме жасоо менен чектелишип, кыргыздардын сеяньтолорго баш ийишкенин каймана белгилешет.

Асыресе, В.В.Бартольд, кыргыз-сеяньто мамилесин түшүнүүгө аракет кылып, кыргыздардын сеяньтолорго баш ийишин, сеяньтолордун 629-ж. кемелине келип, кубат алуу убагына туура келээрин божомолдогон. Айтор, кыргызтаануунун орчундуу мезгилине тушташып, кыргыздардын Борбор Азиядагы орошон саясий окуяларга аралаша баштаганы мындагы жалпы саясий кубулуштардын тилкесинде каралышы абзел.

620-ж. 5-айында Чуло каган дүйнөдөн кайтып, Чыгыш Түрк Каганатындагы тактыны анын иниси Сели мурастайт. 620-629-жж. Сели-каган жана анын аскер башчылары Тан Кытайына каршы 67 жолу ийгиликтүү жортуулдарды жасоого жетишет. Албетте, тышкы дүйнөдөн дипломатия жолу менен коргонууну жакшы билген Тан мамлекетинин журт башчылары, айрыкча император Тайцзундун мезгилиндеги (626-649-жж.) Борбордук мамлекет, түндүк-батыштагы дөөлөттөргө карата ийкемдүү саясат жүргүзө баштайт.

VII к. 20-ж. орто ченинде Чыгыш Түрк Каганатынын начарлашынан улам, 627-жылы сеяньто, уйгур жана башкалар Сели кагандын бийлигине нааразы болуп, түрктөргө каршы чыгышкан. Козголоңду басууга башында Тули турган атчан аскерлер жиберилген. Согуш Тяншанда жүрүп, түрк жоокерлери жеңилип, кол башчыны жергесинде кордук күтүп турган. Сели каган Тулини катуу жазалап камап коюуга буйрук кылган. 628-ж. Тули козголоң чыгарып, күчү жетпеген соң кытай императорунан жардам сурайт.

Байыркы Хань дөөлөтүнөн бери келаткан түндүк көчмөндөргө жасалчу саясатка ылайык, бир уруу башчысын башкасына карама-каршы коюп, бирине мансап ыйгаруу же салык берип өз тарабына тартуу кылым сынагынан өткөн ийкемдүү саясий ыкма болуп келген. Ал эми түрктөрдүн ичинде түзүлгөн кырдаалга император мындайча баа берген экен: «Мен Хейли (Сели – М.К.) менен антташтым, ал эми Тули менен тууган болдум. Эми канткенде акыркысына жардам бербей коем?» Ошентип, каршылашкан тарапка Тан империясынын жардамы тийип, Сели кагандын мамлекети саясий бөлүнүүгө дуушар болот. Көчмөн талаада жаралган жагдай Кытай мамлекетинин тышкы дипломатиялык багытына жана саясий кызыкчылыгына толук жооп берген. 628-ж. талаа мейкиндигинде өкүм сүргөн жут Сели каган үчүн дагы бир оор сыноо болгон. Мал кырылып, мамлекеттин экономикасына жана түрктөрдүн чарбасына оор залака келтирилген.

Демек, 628-жылга чейин Сели каган согуштук жана саясий жактан зыянга учурабагандыктан, согуштук потенциалы тышкы душмандарга моюн сунбай турган абалда болгон. Сеяньтолордун баштапкы этногенезин изилдеген казак окумуштуусу С.М.Ахинжанов «жаңы Тан тарыхынын» дарегин башка жазма булак маалыматтары менен салыштырбай туруп, андагы «Ишибонун небереси Инань 70 миң арабалуу тууган-уругу менен Хейли каганга (Сели – М.К.) баш ийип кетти» деген саптарына ынанып, Борбор Азиядагы саясий кырдаалды толук баамдай алган эмес. Ооба, 628-жылы сеяньтолор экиге бөлүнүп, алардын жарымын Инань жетектеп калган. Бирок «Танхуйяо» дарегине таянсак, 628-ж. 11-айында түрктөрдүн түндүк чегинде козголоң чыгып, Сели каган сеяньтолорго качып барган.

Сели-кагандын сеяньтолорго баш калкалоосунун мезгилдик алкагы, балким 628-ж. Селинин атчан аскерлеринин уйгурлардан жеңилишин жана сеяньто-уйгур коалициясынын ич ара бузула башташын, ошондой эле 629-ж. сеяньтолордун уйгур сылифасы Тумидудан жеңилиш убагын кучагына алат шекилди. Сеяньтолорго келип кошулган Селиге «сыцзин», байыркы түрк тектүү калкатардын административдик титулу «эркин» мансабын ыйгарышкан. Ал эми Инань болсо каган титулун алып, өзүн «Йенчү Билге каган» деп жарыялаган.

Сели каган ордосун Юйдуцзюнь тоосунда, б.а. Жунгария чөлүнүн (Дамо) түндүгүрөөк тарабына орноткон. Ага Хуйхэ, байегу, адйе, тунло, пугу, си тайпалары баш ийишкен. Инандын кагандык бийлик алышы Тан Кытайын чочулаткан. 629-ж. 2-айында Сели каган Кытайга элчи жиберип, кытай ханайымынын колун сураган. Бирок, начарлаган Сели кагандын аскери 630-ж. 2-айында кытай кол башчысы Ли Цзин тарабынан Иншанда талкаланып, Сели каган жоодон качып чыккан.

Ошентип, Сели кагандын сеяньтолорго баш калкалашы 629-ж. 11-айынан 630-ж. 2-айына чейин созулган. Демек, кыргыздардын да сеяньтолорго күнкoр абалды башынан кечириши, сеяньтолордун кыргыздарга жалпы бийлик жүргүзүш үчүн Селиге «буйрук бере алчу» мезгили ушул бир жылдан анча көп убакытка созулган эмес.
XS
SM
MD
LG