Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

ИРАККА ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 23-октябрда Мадрид шаарында Ирактагы абалды калыбына келтирүү маселесине арналган донор өлкөлөр менен уюмдардын эки күндүк эл аралык конференциясы башталды. Ага дүйнөнүн алтымышка жакын мамлекетинин өкүлдөрү катышат, бирок алардын төртөө гана конференцияга өз тышкы иштер министрлерин жиберди. Ошондуктан конференция өз максаттарына толук жетпей тургандай жана талаптуу каражат чогулбай да калышы ыктымал.

Экперттердин баамында, Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн төрт жылдын ичинде 56 миллиард доллар каражат керек болот, анын 20 миллиардын Америка Кошмо Штаттары чыгарат деп пландалган. АКШ президенти Жорж Буш жакында Конгресске кайрылып, Ооганстан менен Ирактагы кайра куруу иштерине кошумча 87 миллиард доллар бөлүп берүүнү сураган жана 17-октябрда Конгресстин эки палатасы тең ага макул болду. Жардам катары бөлүнө турган 20 миллиард ушул 87 миллиард доллардын курамына кирет, бирок Сенат 16-октябрда кабыл алган чечимге ылайык, ал 20 миллиарддын жарымы насыя түрүндө берилүүгө тийиш, ошондуктан Ирак үчүн каражат табуу маселеси АКШнын өзүнүн жетекчилигинде да дагы бир топко талкуулана тургандай.

АКШ даярдаган Ирак боюнча жаңы резолюция Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешинде өттү жана өлкөдөгү иштер эми эл аралык макамга ээ болду. Анткен менен Ирак согушуна башынан каршы чыгып келген Алмания, Орусия жана Франция Иракка азырынча аскер да жибербей, акчалай да жардам көрсөтпөй турганын билдиришти. Башка өлкөлөр деле Ирак маселелерине кеңири катышууга шашкан жок, ошондуктан Мадрид конференциясына жогорку жетекчилер көп деле келбеди жана эксперттердин пикиринде, анда Иракка ашып кетсе дагы 20 миллиард доллар жардам көрсөтүлөөрү тууралуу айтылат жана керектүү 56 миллиард чогулбайт.

Конференциянын баркын көтөрүү үчүн ага Бириккен Улуттардын жалпы катчысы Кофи Аннан менен Дүйнөлүк банктын президенти Жеймс Вулфенсон келди. Андан тышкары АКШ, Испания, Италия жана Жапoниянын тышкы иштер министрлери катышууда.

Маселени татаалданткан дагы бир нерсе - чогула турган каражат Ирактагы иштерге эки башка жол менен сарпталат. АКШ жыйнаган акча тикелей Ирактын убактылуу өкмөтүнө берилет. Бириккен Улуттар аркылуу чогула турган акча болсо уюмдун Өнүгүү программасы аркылуу башкарылышы керек жана бул маселе дагы Мадрид конференциясында каралууга тийиш.
Америкалык "Херитиж" фондунун эксперти Нил Гардинердин пикиринде, эки башка фонддун түзүлгөнү Ирак айланасындагы пикир келишпестиктерди ого бетер күчөтүшү мүмкүн: "Менин оюмча, эки башка фонддун пайда болгону Ирактагы абалды бир кыйла чаташтырат жана ага Америка Кошмо Штаттары каршы чыгат. Бирок ар башка европалык мамлекеттер Ирактагы иштерге өз компанияларын катыштырып, аларга контракт алып берүү үчүн катуу басым жасоодо. Ошондуктар алардын өздөрү ортосунда да атаандашуу күчтүү жана мындай жагдай Ирак маселесине оң таасир кылбайт".

АКШны эсепке албаганда, азырынча Ирак үчүн сегиз миллиард доллардын тегерегиндеги каражат бөлүнөөрү такталган. 21-октябрда Дүйнөлүк банк Ирак үчүн беш миллиард доллар бөлө турганын билдирди. Ага чейин Жапoния бир жарым миллиард, Улуу Британия 900 миллион, Испания 300 миллион, Түштүк Корея 260 миллион жана Европа Биримдиги 230 миллион доллар убада кылган. Британия менен Түштүк Корея убадалаган акча быйылтан тартып бериле баштады.

Кувейттин айтымында, согуш аяктагандан бери Кувейт Иракка 900 миллион долларга тете жардам көрсөттү, Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Юрий Федотов болсо 21-октябрда ага жардам көрсөтө тургандай Ирак жакыр мамлекет эмес деп билдирди.
XS
SM
MD
LG