БИШКЕК. Орусия Федерациясы кыргыз-өзбек чегара аймагын минадан бошотууга ынтызар. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Валерий Лощининге шилтеме берүү менен «АКИ-пресс» маалымат агенттиги жазып чыкты. Орусиялык дипломаттын айтымында, Кыргызстан тарап кайрылса, бул маселени чечиш үчүн Москва Кыргызстанга мина издөөчү адистерди жиберүүгө даяр.
Өзбекстан чегара аймагына миналарды 1999-жылы жайгаштырган. Аны расмий Ташкен эл аралык террористтердин Кыргызстан аркылуу өтүп келишинен сактануу зарылдыгы менен түшүндүргөн. Минанын кесепетинен кыргызстандыктар далай мал-жанынан ажырады. Бирок минадан чегараны бошотуу тууралуу Кыргызстандын сунушун Өзбекстан колдой элек.