Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Түркиянын премьер-министринин Кыргызстандагы расмий иш сапары аяктады


БИШКЕК. Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий иш сапары бүгүн аяктады. Бүгүн эртең менен ал Тажикстандын Дүйшөмбү шаарын көздөй жол тартты. Кетээр алдында Эрдоган Ош шаарынын мурдагы мэри, жакын санаалашы маркум Жолдошбек Раимбековдун үй-бүлөсү менен жолугушуп, көңүл айтты. Р.Т.Эрдоган Кыргызстанга расмий иш сапары менен 21-октябрда келген. Иш сапарынын учурунда ал Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуп, кыргыз-түрк Ишкерлер кеңешинин жыйынына катышты. Мындан тышкары, Эрдогандын катышуусунда кыргыз-түрк «Манас» университетинин эки жаңы имараты ачылды жана Түркиянын 80 жылдыгына арналган салтанат өттү.

XS
SM
MD
LG