Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Москвада былтыркы теракттын курмандыктарын эскерүү болду


МОСКВА. Россиянын баш калаасында Дубровкадагы террордук кол салууда курман болгон 129 кишини эскерүү каадасы болду. Анда Москванын акими Юрий Лужков сөз сүйлөп, курман болгондорго арналган мемориалдык эстеликти ачты. Мындан бир жыл мурда 40тай чечен козголоңчу Москванын театрында ойун көрүп жаткан 800 кишини барымтага алып, орус өкмөтүнөн Чеченстандагы согушту токтотуусун талап кылышкан. Үч күн өткөндөн кийин Россиянын коопсуздук күчтөрү театрга уулуу газ койо берип, имараттын ичиндеги кишилерди эс-мас кылган соң, имаратты штурмалаган. Натыйжада, террорчулардан сырткары 129 киши курман болгон, алардын көбү, дарыгерлер айткандай, газга ууланып өлгөн.

XS
SM
MD
LG