Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Түштүк-Чыгыш Азияга сапарын карыткан Жорж Буш Австралиядан мекенине жөнөп кетти


КАНБЕРРА. Түштүк-Чыгыш Азияга 6 күндүк сапарын аяктаган соң Американын президенти мекенине кайтып кетти. Бүгүн Австралиянын парламентинде сөз сүйлөгөн Бушка парламентарийлер эки ирет каяша суроо берип, сөзүнө аралжы болушту. Бирок Буш АКШ баштаган антитеррордук коалициянын Иракка согуш ачканын жактап, террорчулукка каршы акыр-аягына чейин күрөшүүгө чечкиндүү экенин билдирди.
"Биз каргашалуу душманыбыз - террорчулукка каршы колдон келген күчүбүздү жумшап, күрөшүүгө тийишбиз. Террорчулар бийлеген дүйнөдө эч ким коопсуз жашай албайт. Иш кеңсесине, учакка, түнкү клубга же шаардык автобуска капилеттен боло турган кол салуудан эч ким калас боло албайт. Андай кол салуу силердин өлкөңөрдү да менин мекенимди да титиретип, сандаган жазыксыз адамдарды мерт кылды. Биз мындан ары террорчуларды жайына коюп, өмүрүбүздү тобокелге сала албайбыз", - деди президент. Буш сөз сүйлөгөн учурда парламенттин жанында бир нече миң киши демонстрация өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG