Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Улуттар Уюмуна Сахаров атындагы сыйлык ыйгарылды


СТРАСБУРГ.Улуттар Уюмунун кызматкери, Иракта курман болгон Сержио де Меллонун сиңирген эмгегин эске алуу менен Европарламент Улуттар Уюмуна Андрей Сахаров атындагы сыйлыкты ыйгарды. Европарламенттин маалымдашынча, сыйлык Уюмдун баш катчысы Кофи Аннан менен уюмдун кызматкерлер жамаатына ыйгарылууда. Бул сыйлыкка көрсөтүлгөн башка адамдардын тизмесинде уюмдун мурдагы жооптуу кызматкери Ханс Бликс, курал инспекторлорунун башчысы Мохаммед Эл-Барадейи жана түрмөдө отурган ирандык журналист Акбар Гажилер бар эле. Советтик диссидент Андрей Сахаровдун ысмы менен аталган бул кадырлуу сыйлык адам укуктарын коргоодо жана эркиндик үчүн күрөштө өзгөчөлөнгөн уюмдар менен инсандарга жыл сайын ыйгарылат. Сыйлык Аннандын Брүсселге январ айында жасай турган визитинин учурунда тапшырылмакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG