Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Иракта жарылган бомбадан эки карапайым жаран курман болду


БАГДАД. Иракта мунай куурунун жанында жарылган бомбадан эки карапайым ирактык атуул курман болуп, 10у жараат алды. Окуя Багдаддан 240 чакырым жердеги Каярах деген жерде орун алды. Жардыруудан мунай кууруна доо кеткен-кетпегени белгисиз. Багдадда Ирактын полициясы жардыруучу заттар жык толтурулган автомашинени таап алды. Маалыматтарга караганда, буга байланышы бар деген шек менен кармалган сириялык жаран машинени акчага айдап келип койгонун мойнуна алган. Полиция ошол эле жерден дагы бир бомбаны таап, коопсуздандырды.Фалуджада жардыруудан бир америкалык солдат жеңил жараат алды.

XS
SM
MD
LG