Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:20

ЭЛЧИЛИК - ЖАЛАҢ БИЛИМ ЭМЕС, БУЛ ИРИДЕ ӨНӨР, ЧЕБЕРЧИЛИК


24-октябрда Кыргызстандын дипломатиялык кызматкерлери кесиптик күнүн белгилешти. Салтанат учурунда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине караштуу мекемелердин айрым кызматкерлерине кесиптик чин белгилери тапшырылды. Ушу тапта Кыргызстандын 15 өлкөдө элчиликтери ачылган, буларга кошумча дүйнөнүн 3 шаарында башкы консулдук иштейт. Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсү катары ага караштуу эл аралык уюмдар менен да кызматташат.

- Урматтуу кесиптештер, баарыңыздарды Элчилер күнү менен куттуктайм, - деп кайрылды чогулгандарга Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов. - Бизге Кыргызстанды чет өлкөлөргө тааныштыруу милдети коюлган. Аны менен бирге биздин өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо озуйпасы да жүктөлгөн.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович кыргыз дипломатиясы жаш болгону менен, өзүн дүйнөлүк саясатта ишенимдүү көрсөтө алганына токтолду.

- Кыргызстан жаш өлкө катары тышкы саясатта дипломатиялык мамилеге киришкенден бери Бириккен Улуттар Уюму ага колдоо көрсөтүп келатат. Бириккен Улуттар Уюму көп тармактуу ишмердикти жүзөгө ашырат. Ал жаңыдан эгемендик алган өлкөлөрдө тынчтыкты, бейкуттукту, кызматташууну, өнүгүүнү камсыз кылуу максатында көмөгүн аябайт. Мен бул жерде БУУ тарабынан колдоого алынган Кыргызстандын тышкы саясаттагы демилгелерин айта кетейин. “Улуу Жибек Жолу” доктринасы, Борбор Азияда ядролук куралсыз аймакты түзүү, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Эл аралык тоо жылын өткөрүү демилгелери Кыргызстандан чыккан,- деп белгиледи Ежи Скуратович.

Салтанаттын тушунда социализм учурунда кыйла жылдар бою чет өлкөлөрдө иштеп келген саналуу кыргыз элчилеринин айрымдарына микрофон сундук. Жакынкы Чыгышта дипломатиялык кызматта иштеген араб таануучу Валимжан Таңырыковдун пикири мындай:

- Өзүбүзчө түндүк көтөрүп, көз карандысыздыгыбызды коргоп, ички жана тышкы саясатта өзүбүз иштеп, аны элибиздин кызыкчылыгына иштетип атабыз. Азыр Кыргызстан өзүнүн ички жана тышкы саясатын иштеп чыгып, эркиндигин эл аралык аренада коргоп келатат.

Кыргызстандын Дипломатиялык академиясынын ректору Нургазы Кемелбаев - кыргыз элчилигинин тарыхына кызыккан инсан.

- Мына, 641-жылы биринчи кыргыз элчилери Кытайга барыптыр, - дейт Нургазы мырза. – Мен кечээ эле Кытайдан келдим. Бээжинден 150 чакырым алыс жайгашкан Ченде деген шаарда кыргыздын элчилери кабыл алынган экен. Кытай булактарында ошондо барган кыргыз элчилеринин аттары жазылып калыптыр. Кыргыз элчилигин баштап барган адамдын аты Ачжан экен. Бул кытай булактарында бар экен. Мен ушуну көргөндө аябай сыймыктандым. Кытай булактарында сакталып калган, Кытай өкүмдарынын кыргыз кагандарына жазган каттарынын айрымдары чыкпадыбы. Эми калгандарын илимий жактан изилдеп, которо турган болдук.

Кыргызстандын толук ыйгарым укуктуу элчиси, учурунда СССРдин Жапониядагы башкы консулу болуп кызмат өтөп келген Ишенбай Абдуразаков элчилик өзгөчө өнөр экенине мындайча токтолду:

- Эми биз азыр жаңыдан түптөлүп келатпайбызбы. Дипломатия жаңыдан түптөлүп келатат. Мунун мүчүлүштөрү көп. Аны ачык эле айтыш керек. Бардык нерсе заматта боло калбайт да, акырындап тапталат. Бизде онго жакын тышкы иштер министрлери иштешпедиби. Ошонун ичинен алтоо аял экен. Мына, Күлүйпа Кондучалова баштап иштеди. Минтип аялдар көп жолу тышкы иштер министри болушканы дүйнөнүн бир дагы өлкөсүндө болбосо керек. Эми негизинен жаңыдан өсүп келаткан жаштардан бирдеме чыгат го деп үмүт кыласың. Дипломат деген билим эле эмес, бул өнөр дагы, чеберчилик дагы.

Кыргызстандын элчилик кызматы чынында эле жаш. Тышкы иштер министрлигине караштуу мекемелерде иштегендердин басымдуу көпчүлүгүн жаштар түзөт. Мындан келди, кыргыз элчилигинин алдыда жасай турган иштери арбын, мүмкүнчүлүгү чоң.

XS
SM
MD
LG