Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:58

Мадрид шаарында Ирак боюнча донорлор конференциясы болуп өттү


Мадрид шаарында кечээ күнү башталган донорлор конференциясы бүгүн уланды. Ага дүйнөнүн алтымышка жакын өлкөсүнүн өкүлдөрү, Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта корунун жетекчилери катышууда. Дүйнөлүк банктын эсебинде, Ирактагы абалды калыбына келтирүү үчүн келерки төрт жылдын ичинде 56 миллиард доллар талап кылынат, АКШ жетекчилиги 20 миллиард доллар бөлдү жана эми дагы 36 миллиард табуу керек. Бирок эксперттердин пикиринде, конференцияда бул каражат толук өлчөмдө чогултула албайт. Эки миңге жакын адам кечээ күнү кечинде Мадриддин көчөлөрү аркылуу өтүп, конференцияга каршылыгын билдирди. Алардын пикиринде, эл аралык компаниялар Ирак проблемасынан өзүнө киреше табууда.

XS
SM
MD
LG