Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин ич ара чатагы басыла элек


БИШКЕК. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Болот Тыналиев башында турган жетекчилиги бул уюмдун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, региондорго талкууга жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Болот Тыналиев билдирди. Анын маалыматына караганда, уставдын жаңы долбоору Юстиция министрлигине жакында сунушталат. Б.Тыналиевдин айтымында, комитеттин августтагы конференциясы иштеги кемчиликтери үчүн төрага Рамазан Дырылдаевге ишеним көрсөтпөө тууралуу чечимге келип, жаңы түзүлгөн башкармалыктын биринчи жыйынында аны мүчөлүктөн чыгарган. «Ошондуктан 10-ноябрга чейин Рамазан Дырылдаев чет өлкөдөн келип, комитеттин мүлкүн өткөрүп бериши керек. Антпесе Страсбургдагы Адам укуктары боюнча сотко кайрылууга мажбур болобуз», - дейт Тыналиев. Рамазан Дырылдаев болсо өзүн Адам укугу боюнча кыргыз комитетинин мыйзамдуу төрагасы катары эсептейт жана комитеттин айланасындагы чыр-чатактарды атайын уюштурулган иш катары санайт. Бул көз карашты колдогон «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова бул маселе боюнча Юстиция министрлигин сотко берээрин билдирди. Анын айтымында, Б. Тыналиев баштаган топтун мыйзамсыз аракеттерине Юстиция министрлиги жол берген.

XS
SM
MD
LG