Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Кыргызстанда Дипломаттар күнү белгиленди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Дипломатиялык кызматкердин күнү белгиленди. Ага байланышкан салтанатка тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана БУУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Ежи Скуратович катышып, кыргыз дипломаттарын куттукташты. Салтанат учурунда тышкы саясат тармагында иштеген кызматкерлерге жана дипломаттарга сыйлыктар ыйгарылып, кызматтык чендер берилди. Министрликтин маалыматына караганда, дүйнөдөгү 28 өлкөдө Кыргызстандын элчиликтери жана консулдук кызматтары бар. Ал эми Кыргызстанда 17 өлкөнүн өкүлчүлүктөрү каттоодо турат.

XS
SM
MD
LG