Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

Алтай Бөрүбаев Словакия менен Чехияга кетти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев жетектеген делегация бүгүн Словакия менен Чехияга жумушчу сапары менен кетти. Делегация адегенде Словакияда болуп, ал жерде президент Р. Шустер, Улуттук кеңештин төрагасы П. Грушовский менен жолугушуп, анда эки өлкөнүн кызматташтык алакалары талкууланат. Ал эми Прагада Кыргызстандын парламенттик делегациясын Чехиянын тышкы иштер министри, чех парламентинин палаталарынын төрагалары жана башка расмий жетекчилер кабыл алышат. Мындан тышкары, Алтай Бөрүбаев Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына байланыштуу Карлов университетинде дарс окуйт жана «Азаттык» радиосунун баш кеңсесинде болот. Делегациянын иш сапары 1-ноябрда аяктайт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG