Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстандагы ар бир түрмөдө ай сайын он чакты киши каза болот


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөөчү жайлардын ар биринде ай сайын жетиден онго чейин атуул каза болот. Көбүнчө жашы 40тын тегерегиндеги эркек кишилер көз жумат. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Борис Полуэктов Мыйзам чыгаруу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө маалымдады. Анын айтымында, мындай фактылар Кыргызстандын түрмөлөрүндө эч кандай шарт жоктугун же бул тармакка бюджеттен бөлүнгөн каражаттын жетишсиздигин далилдейт. «Ошондуктан бул тармакка бюджеттен каражат бөлүүнү караштырыш керек» деп кошумчалады Борис Полуэктов.

XS
SM
MD
LG