Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

СПИД ДАРТЫ - КЫРГЫЗСТАНДЫН СОЦИАЛДЫК КӨЙГӨЙҮ


Бүбүкан Досалиева, Жаркын Суран кызы, Алтынбек Исмаилов, Бишкек; Кожогелди Култегин, Ош. Назарыңыздарды «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөктүн кезектеги санына бурабыз. Берүүнү Бүбүкан Досалиева алып барат.

Бүбүкан Досалиева:
- «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөгүбүздүн бүгүнкү чыгарылышы жалпы адамзатты коркунучка салып турган «адамдын иммундук таңсыктык вирусуна» же СПИД дартына жана анын Кыргызстанда жайылышына өбөлгө болгон жагдайларга арналат. Уктурууну мен, Бүбүкан Досалиева алып барам. Мага кабарчылар Жаркын Суран кызы, Алтынбек Исмаилов жана Кожогелди Култегин көмөктөшөт.

Кыргызстанда СПИД дартына чалдыккан алгачкы адам 1987-жылы, кыргызстандыктардын көбү андай айыкпас дарт бар экенинен кабары жок кезде аныкталган. Ал Кыргызстанда окуган чет элдик атуул болгон. Ал эми өлкөнүн өз атуулдарынын арасынан оорулуу 1996-жылы табылып, азыр алардын саны 387ге жетти. Ноокастардын 17си өмүр менен кош айтышты. Мунун ичинен жетөөнүн дарты ар кандай оорулар менен коштолуп, о дүйнө кетишсе, ону жалаң СПИД дартынын курмандыгы болушту. Бул дартты жугузуп алгандардын 40 – аял. Алардын алтоо оорулуу экенине карабай, эне болууну каалап, алты наристеге өмүр беришти. Төрөлгөндөн кийинки текшерүүлөр наристелердин бирөө энесинен бул дартты тукум улап албаганын көрсөтүүдө. Ал эми калган беш баланын тагдыры кандай болоору азырынча белгисиз. Анткени муну бала эки жашка чыкканча анын каны кандай экендигинен так аныктаса болот. Аларды көзөмөлдөп турган «СПИД» республикалык бирикмесинин дарыгерлери буларды «дүйнөдө күн сайын СПИД жугузуп алып аткан 6 миң баланын бири болуп чыкпаса экен» деп жатышат.

Тилекке каршы, адамдын иммундук таңсыктык вирусун жугузуп алгандардын саны жыл санап өсүүдө. «СПИД» республикалык бирикмесинин директорунун орун басары Айнагүл Осмонованын айтымында, ага өлкөнүн социалдык-экономикалык араң жан абалы башкы себеп болууда.

- Биринчиден, бул социалдык-экономикалык кыйын кырдаал, жумушсуздук менен тыгыз байланыштуу. Экинчиден, буга арзан баңгизаттардын көптүгү да түрткү болууда. Ооган апийиминин транзиттик жолу болуп калган Ош облусунда бул дартка чалдыккандардын саны башка региондорго салыштырмалуу көп болуп жаткандыгы ошону айгинелейт. Кыргызстандагы баңгилер Борбор Азиядагы жана КМШдагы башка мамлекеттердегидей эле мурда колдонулган шприцтерди жана башка куралдарды колдонушат. ВИЧ вирусун жугузуп алган бир баңги башкалар менен кошо бир шприц же бир ийне менен сайынса, албетте, өз дартын башкаларга да жугузат. Биз «2003-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда каттоого алынган 460 оорулуу бар» деп жатабыз. Ал эми эл аралык байкоочулар менен эксперттердин иликтөөсү боюнча, алардын саны он эсе көп. Демек, иш жүзүндө 5 миңден кем болбойт деп айтууга негиз бар, - дейт Айнагүл Осмонова.

Ушул эле бирикменин директору Борис Шапиронун айтымында, эгер бул дарттын алдын алуу чаралары көрүлбөсө, оору жалпыга жайылып, 5 млн. гана калкы бар өлкөнүн келечегине коркунуч келтирет. Жогоруда айтылгандай, буга чындыгында баңгизаттардын арзандыгы өбөлгө болууда. Ооган апийиминин өткөөл жолу болгон Ош облусунда бул ооруну жугузуп алган жалпы оорулуулардын 60% же 229 адам аныкталган. Адистердин айтымында, буга бөгөт коюунун бирден-бир жолу - калк арасында адамдын иммундук таңсыктык вирусу жана ал пайда кылган СПИД дарты тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу. Анткени өлкөнүн алыскы айылдары мындай турсун, борбордогу жаш-карылар арасында ал эмне деген дарт экенин, андан кантип сактаныш керектигин билбегендер көп болуп чыкты. Анда сөзүбүз негиздүү болуш үчүн эл арасында сурамжылоо жүргүзгөн кабарчы Алтынбек Исмаиловго сөз кезегин берейин. Алтынбек, сөз сизде.

Алтынбек Исмаилов:
- Рахмат, Бүбүкан айым. Мен алгач жаштар арасында бул оору тууралуу кандай түшүнүк бар экендиги жөнүндө маалымат бере кетейин. Жаштардын көбү бул айыкпай турган абдан коркунучтуу дарт экендигин билишет. Бирок анын кандай жолдор менен жугаары, аны жугузуп албаш үчүн кантип сактаныш керектиги жөнүндө түшүнүктөр жок. Баарыбызда эле «ал оору мени же менин жакындарымды кыйгап өтүп, башка бир мен тааныбаган бирөө ооруйт» деген кенебес сезим күчтүүрөөк. Аны менин суроомо жооп берген айрым адамдардын жооптору айгинелейт:

Мединов Турганаалы, 70 жашта:
- Азыр Кыргызстанга жайылып бараткан СПИД деген ооруну билесизби?

- Жок, кабарым жок. Угам, «жайылып баратат» деп.

- Сизде «ошол оорудан кантип сактаныш керек» деген түшүнүк барбы?

- Билбейм, айтып берсеңер?

Сыдыкбекова Айдай, Арабаев атындагы Кыргыз педагогикалык университетинин 2-курсунда окуйт:
- СПИД ооруусу боюнча силердин түшүнүгүңөр барбы?

- Ооба, мен СПИД оорусу боюнча көп маалыматтарды билем. Бул оору айыкпас оору болуп эсептелет. Анткени «иммуннодефицит синдрому» деп өзү эле айтып турбайбы.

- Ушул СПИД оорусунун жаштар арасында жайылып баратышына эмне себеп деп ойлойсуңар?

- Жеңил ойлуулук болуш керек. Кокусунан болгон жыныстык катнаштардан көп жугат деп ойлойм.

Амантур уулу Чыңгыз:
- Ар кандай каражаттарды пайдалануу менен ойноп-күлүп жүрө берүү туура эмес да. Баягы эле өзүбүздүн, кыргыз элибиздин салтына кайрылышыбыз керек. Ошону менен сактанабыз деп ойлойм.

- СПИД оорусу боюнча азыркы жаштардын түшүнүгү барбы?

- Менин оюмча бар болуш керек. Анткени, жогорку окуу жайларында жана мектептерде бул оору жөнүндө көп маалыматтар берилип жүрөт. Билет болуш керек.

Каныбек:
- Менин түшүнүгүм деле жок, ушул боюнча.

Урмамбетова Жазгүл:
- Элет жергесиндеги жаштар билбей келишет.

Ысмайылов Айбек:
- СПИД боюнча менде түшүнүк аз. Себеп дегенде, СПИД тууралуу жаштардын арасына толук маалымат жетелек деп ойлойм. Ошон үчүн менин Кыргыз телекөрсөтүүсүнөн суранаарым - ушул тууралуу көрсөтүүлөрдү уюштуруп, жаштарга атайылап толук маалымат жеткиришсе.

- СПИД боюнча түшүнүгүң жок болсо, сактаныштын жолдорун билесиңби?

- Түшүнүк жок болгондон кийин сактаныштын да жолдорун аз билесиң да. Себеп дегенде толук түшүнсөң, анан сактана аласың. Түшүнө албасаң сактаныш дагы кыйын да.

Эргешов Мунарбек:
- Бизде, Кыргызстанда бул тууралуу маалымат өтө эле аз деп ойлойм.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Алтынбек. Сурамжылоо көрсөткөндөй, СПИД дарты тууралуу түшүнүк калк арасында аз. Ал эми «СПИД» республикалык бирикмесинин директорунун орун басары Айнагүл Осмонова «калк арасында маалымат аз» дегенге макул эмес:

- Теледен көрсөтүп, гезиттерге жазып жатабыз. Балким силер сурамжылаган адамдар гезит сатып алышпайт го? Үйүндө телевизору жоктур? Радиону угушпайт го? Анткени, Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 2002-жылы жана ушул жылдын жарымында жарыяланган материалдардын көбү СПИД дартынын жайылуу коркунучу тууралуу болгон. Анан калса биз бирөөнүн гезит сатып алып окуган-окубаганына жооп бере албайбыз да!

Ал эми Оштогу кабарчыбыз Кожогелди Култегин СПИД дартына каршы күрөш боюнча Ош облустук борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаев менен маектешкен. Ал калк арасында ооруга карата түшүнбөстүк мамиле күч экенин, «аны жуктуруп алдым» деп шек санаган адамдарда «текшерилейин» деген түшүнүк жок экенин билдирген. Анда азыр ошого назар салсак:

- «СПИД менен оорудум» деп эч ким келбейт. Мисал үчүн, кургак учук менен же котон жара менен догдурга барышат. 2001-жылга чейин болгону эки оорулуу катталган. Андан кийин 2001-жылы 88, 2002-жылы 88 болгон. Ушул жылдын тогуз айында 51 киши катталды. СПИДден буга чейин алты киши каза болгон. Бул илдеттин өзгөчө белгилери болбойт, аны лабораториялык текшерүүлөрдүн негизинде гана аныктоого болот. Ошон үчүн түрмөлөргө барып, милиция менен кошо иштеп, сойкулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге иликтейбиз, - дейт Түгөлбай Мамаев.

Ал эми Кожогелди Култегин «СПИД дартын жугузуп алгандар Ош облусунда гана эмес, коңшу турган Жалалабад, Баткен облустарында деле көп. Болгону ал жактагы адистердин ыкшоолугунан оорулуулар аныкталбай жатат» деген ойго келген.

Кожогелди Култегин:
- Бул СПИД илдети жана аны жуктурган ВИЧ вирусу тууралуу сөз болгондо: «Эмне үчүн Ошто 229 адам, ал эми жанаша турган Жалалабадда 13, Баткенде 6 оорулуу бар?» деген суроо туулат. Менимче, анын жообу төмөнкүчө. Оштогу СПИДге каршы күрөш боюнча медициналык борбор жакшы техника менен жабдылган. Адистеринин тажрыйбасы жана ыкмасы күчтүү. Оорулууну аныктоо мүмкүнчүлүгү чоң. Эгер ушул борбор Жалалабадда же Баткенде иш жүргүзсө, ал жактагы оорулуулардын эсеби кескин көбөйүп кетиши ажеп эмес. Бул менин гана пикирим эмес, бул адистердин пикири.

Бүбүкан Досалиева:
- Кабарчыбыздын бул иликтөөсүнөн кийин «Мындай ойдун чыгышына негиз барбы?» деген сурообузга саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Гүлжигит Алиев жооп берип, чын эле буга негиз бар экендигин мындайча ырастады:

- Эки облустагы көрсөткүч бирдей эле. Каражат деле бирдей жумшалат, текшерүү деле бирдей жүргүзүлөт. Бирок ошого карабастан сиздердин кабарчынын айтканынын жөнү болушу мүмкүн. Биз бул маселени жакында эле министрликтин коллегиясында карап, борбордун жетекчисине тапшырма бердик. Биз дагы «Ош облусунда ошончо сандагы оорулуу болгондон кийин, силерде деле болушу мүмкүн» деп, «мындан ары жакшылап текшерип, ишти жакшылап жүргүзгүлө» деген милдет койдук.

Бүбүкан Досалиева:
- Азыр СПИД дарты дүйнөнүн бардык континентин каптап, айрыкча Африканын жакыр өлкөлөрүнүн негизги баш оорусуна айланды. Ал жерде миллиондогон адам каза болуп, жетим калган балдардын саны 13 миллионго жетти. БУУнун эксперттеринин баамында, ушул кылым ичинде СПИД дүйнөнүн 53 мамлекетинде күч алып, 46 млн. адамдын өмүрүн алып кетиши мүмкүн. Ушундан улам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы өз сессияларында бул көйгөйдү карап, 2015-жылга чейин эпидемияны басаңдатуу стратегиясын алдыга милдет кылып коюуда. БУУнун Глобалдык фонду Кыргызстанга да 17 млн. доллар бөлүп берүүнү чечкен. Саламаттык сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиевдин айтымында, ал каражаттын эсебинен Кыргызстанга жыл сайын 5 млн. доллар келип турат жана кыргыз өкмөтү атайын координациялык кеңеш түзүп, былтыр СПИД дартынын алдын алуу боюнча программа кабыл алган. Ал тууралуу Гүлжигит Алиев мындайча билдирди:

- Республикалык атайын борбор түзүлгөн. Ошол борбор оорунун алдын алуу боюнча иш алып барат. Мурда бизде андай борбор жок болчу. Ушул сыяктуу борборлор облустарда да түзүлдү.

Бүбүкан Досалиева:
- Ал эми «СПИД» республикалык бирикмесинин директору Борис Шапиро баш болгон авторлор бул боюнча атайын китеп жазышкан эле. Ал котон жара, СПИД сыяктуу жугуштуу дарттарды жуктуруп алуудан сактануу, коопсуз жыныстык катнашуу боюнча калк арасында маалыматты жогорулатууга багытталган эле. Анын бул алгачкы китеби коомдо карама-каршы пикирлерди жаратты. Анын мектеп окуучуларына, эң ириде мугалимдерге арналган «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу китеби «кыргыз элинин улуттук менталитетине карама-каршы келет» деп, авторду сотко бергендер да болду. Анда бул тууралуу кененирээк маалыматты Жаркын Суран кызы берсин. Сөз сизде, Жаркын.

Жаркын Темирбаева:
- Рахмат, Бүбүкан. Бул китепти Борис Шапиро баш болгон авторлор 1999-жылы чыгарышкан. Аны чыгарууга БУУнун Өнүктүрүү Программасы, Кыргызстандын Билим берүү жана маданият, Саламаттык сактоо министрликтери көмөктөшкөн. Бирок Билим берүү жана маданият министрлиги «китепти чыгарууга макулдук берилген эмес жана окуу программасынан алынган» деп билдирүүдө. Ал тууралуу Билим берүү академиясынын жетектөөчү адиси Кенжекан Усупова мындай дейт:

- Биздин Юстиция жана Финансы министрликтери бекитип берген жобобуз бар. Ал жобого ылайык бул китепти адегенде текшерүүдөн өткөрүш керек эле. Ал текшерүүдөн өткөрүлгөн эмес. Бул биринчиден. Экинчиден, ал тематикалык планга да кирген эмес.

Ал эми Бишкектин тургуну, бул китептин авторлорун сотко берген Акин Токталиев анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Бул китеп биздин кыргыз улутунун үрп-адаттарын бузуп, моралдык негизге доо кетирүүдө. Жаш балдарга эң жаман жосундарды үйрөтүп, коомду бузуп жатат. Мындай китептерге таптакыр жол бербеш керек.

Журналисттик иликтөөбүз боюнча, талаш-тартыштын башкы себеби - орус тилинде жазылган китепти кыргыз тилине которгондо кеткен одоно кемчиликтер болду. Аны Шапиро да, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү да моюнга алып жатышат. Ушундан улам, «демек, калк арасында маалыматты элдин көңүлүнө жаккандай кылып жүргүзүү зарыл» деген ойго келдим.

Бүбүкан Досалиева:
- Рахмат, Жаркын айым. Урматтуу угармандар, сиздер «Коом жана турмуш» аттуу маалымат-аналитикалык түрмөктүн кезектеги чыгарылышын уктуңуздар. Ал бүгүн СПИД дартына жана анын Кыргызстанда жайылуу коркунучуна арналды. Уктурууну мен, Бүбүкан Досалиева, алып бардым. Саламатта болуңуздар.
XS
SM
MD
LG