Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Казак президентинин улуу кызы жаңы партиянын башчысы болуп шайланды


АЛМАТЫ. Казак президентинин улуу кызы Дарика Назарбаева жаңы негизделген Асар («Ашар») партиясынын төрайымы болуп шайланды. Бүгүн партиянын Алматыда өткөн алгачкы курултайына 1300дөй делегат катышып, социалдык коомдук кыймыл өзүн саясий партия деп жарыялады. Төрайымдан тышкары партияга 7 кишиден турган башкаруучу кеңеш жетекчилик кылат. Партиянын саясий платформасы "Казакстан 2030" деген аталышта мындан бир нече жыл илгери кабыл алынган улуттук программага негизделген. Юстиция министрлигинде каттоодон өтүү үчүн партияга 50 миңден кем эмес киши мүчө болуусу абзел.

XS
SM
MD
LG