Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Россиянын прокуратурасы ЮКОС компаниясынын башчысына расмий айып койду


МОСКВА. Россиянын прокуратурасы ЮКОС мунай компаниясынын башчысына "алдамчылык кылган жана ири кирешелерин салыктан жашырып койгон" деген айып койду. Мунай компаниясынын ишин бир нече айдан бери иликтеп жаткан прокуратура бүгүн эртең менен компаниянын башчысы Михаил Ходорковскийди Новосибирскинин аба майданынан кармап, Москвага алдырткан. Прокуратура Ходорковский укук мекемесинин суракка чакыруусун тоотпой койгон деп билдирет. Ал эми ЮКОСтун өкүлү Александр Шадрин прокуратура жалган айтып жатканын, компания жетекчилиги Ходорковскийдин командировкага кетээрин жана белгиленген убакта тергөөгө келе албай турганын алиги мекемеге алдын ала кабарлаганын айтат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG