Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:59

«Менин өлкөм» партиясы 5 жылдыгын белгиледи


БИШКЕК. 25-октябрда «Менин өлкөм» саясий партиясы түзүлгөнүнө 5 жыл толгонуна арналган жыйынын өткөрдү. Анда партиянын координациялык кеңешинин төрагасы, өлкөнүн вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев отчет берди. Мындан тышкары, координациялык кеңешке жаңы алты адам шайланды. Партиянын баш кеңсесинен алынган маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча бул саясий уюмдун 5 миң мүчөсү бар. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасында партиянын атын «Оң ордо» фракциясы чакырат. Анын курамында партиянын мүчөлөрү Зайнидин Курманов менен Оксана Малеванная бар. Партия 1998-жылы 18-ноябрда түзүлүп, 2002-жылы 1-августта кайра каттоодон өткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG