БИШКЕК. «Кыргызстан менен Орусия өнөктөштүгү жаңы деңгээлге көтөрүлдү», -деп билдирди президент Аскар Акаев Кыргыз-Орус (Славян) университетинин 10 жылдыгына карата жума күнү өткөн салтанатта. Президент мындай оюн Кант авиабазасынын ачылышы, «Кыргызстан-Орусия» инвестициялык форумунун жана Москвада Кыргызстандын маданий күндөрүнүн өтүшүнө негиздеп айтты. Ал эми Кыргыз-Орус университетин болсо Аскар Акаев эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн символу катары баалады. Аталган университет Кыргызстандын демилгеси менен 1993-жылы негизделип, аны каржылоонун негизги бөлүгүн Орусия өз мойнуна алган.