Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:52

КУБАНЫЧБЕК ЖУМАЛИЕВ: «КЕЛЭЭРКИ ЖЫЛЫ ДА ЖОЛ САЛУУ ИШТЕРИ УЛАНАТ»


Кыяс Молдокасымов, Бишкек. Коомчулукта «Кыргызстан четтен карызга алган 2 млрд. долларга жакын каражат кайда жумшалды» деген суроолор көп берилип келатат. Көпчүлүк эксперттердин ырастоосуна караганда, карызга алынган акчага көзгө көрүнө тургандай болуп бүткөрүлгөн иштердин бири бул - Бишкек-Ош жолу. Бирок Бишкек –Ош жолунун бүтүшү менен өлкөдөгү жол көйгөйү толук чечилди дегендикке жатпайт. Бул маселе тууралуу кененирээк өлкөнүн вице-премьер-министри, Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев «Азаттыкка» маек куруп берди.

- Кубанычбек мырза, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы жол көйгөйү толук чечилдиби? Алдыда дагы кандай милдеттер турат, алгач ушул тууралу айтып берсеңиз?

- Быйылкы жылы жол курууда бир топ ийгиликтерге жетише алдык. Биринчиден, Бишкек – Ош жолунда бир топ жакшы иштер бүттү. Тактап айтканда, Суусамырдын ашуусунан тартып Токтогул аймагындагы Нарын дарыясындагы көпүрөгө чейинки жол курулуп бүттү. Ошондой эле Маданияттын эки жагы, Жалалабаддан Өзгөнгө чейинки жол оңдолуп бүттү десек болот. Андан сырткары кийинки жылы жол салууну улантуу үчүн даярдык көрүп бүттүк десек жарашат. Алып карасак Суусамыр – Тараз жолун куруу үчүн Ислам өнүктүрүү банкы менен келишимге кол коюлуп, жазга маал буюрса, 10 млн. доллар акча каражатына 52 чакырым жол Суусамырдын Өтмөгүнөн Таласты көздөй курула баштайт. Андан сырткары Сарыташ –Ош - Өзбекстан багытындагы кара жол боюнча келишимге кол коюлду. Азыркы учурда Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан мамлекеттеринин арасында чек арадан өтүү келишимине кол коюлса эле 20 млн. долларга барабар болгон каражат менен Оштон Сарыташ, Эркештам багытына жол салына баштайт.
Мына бир ай болду, Бишкек – Георгиевка жолун салуу иши башталды. Ал эми келечекте оңдолуучу жолдорду айта турган болсок, Оштон Исфанага чейинки жолду салууга аракет кылып атабыз. Ысыккөлдү айланта жол курууга экономикалык негиздер аныкталган. Ошону салабыз. Келечекте оңдоло турган жолдордун бири болуп Бишкек – Торугарт жолу көрсөтүлгөн. Дагы бир ири долбоор - Кытай – Кыргызстан - Өзбекстанды бириктирген темир жол салуу иши турат.


- Кубанычбек мырза, мына сиз Кыргыз - Кытай темир жолун салуу маселесин айтып кеттиңиз. Ушул багытта келерки жылы конкреттүү кандай иштер аткарылышы мүмкүн?

- Кыргыз – Кытай темир жолу президент Аскар Акаевичтин Жибек жолу дипломатиясын ишке ашыруудагы орчундуу кадамдарынын бири деп эсептейм. Ушул үч мамлекеттин ортосунда жолду салуу келишимине 2001-жылы кол койгонбуз. 2 жылдан бери үч тараптуу эксперттик топ иштеп жатат. Кыргызстан менен Кытайдын эксперттери 2 жылдан бери ушул белгиленген маршрутка жол салса болобу, же болбойбу - ошол боюнча изилдөө жүргүзүп бүттү. Кыргызстан тарабынан 5 млн. сом, ал эми Кытай мамлекети тарабынан 20 млн. юань, тактап айтканда, 2,5 млн. доллар каражат бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө отчету бүттү. Жакынкы бир-эки айдын ичинде үч тараптуу комиссия чогулуп, отчетту талкуулайбыз. Алдын ала айта кетсем, отчеттун бүгүнкү жыйынтыгы абдан жакшы болду. Жол салынса болот экен. Демек атайын келишимге кол койсок, андан кийин каражат таап, жол салынчу багыттын техникалык-экономикалык негизин түзүп, андан кийин деталдык долбоорун иштеп чыгып, анан жол салууга киришебиз. Бул жолду курууга 850 миллиондон 1 млрд. 100 млн. долларга чейин каражат чыгымдалаарын эсептеп чыктык. Техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан соң, канча акча кетээри так аныкталат. Эми каражатты кайдан табабыз? Өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда андай каражат жок. Ошондуктан чет элдик инвесторлорду тартууга аракет болот. Бүгүн мына ошонун үстүндө жакшы иштеп жатабыз. Германиядан, Франциядан сунуштар болууда. Иран мамлекетинин жетекчилиги ачык эле айтышкан «ушул жол канча турбасын анын чыгымынын 20% биз бергенге даярбыз” деп. Биздин мамлекет дагы колдон келишинче каражат бөлөт. Калганын Кытай мамлекети көтөрмөй болду.

- Ал эми Балыкчы – Каракече темир жолун куруу жагынан кандай аракеттер жасалууда?

- Балыкчы – Каракече жолун салуу боюнча бүгүнкү күндө Өкмөттүн атайын токтому чыккан. Ошол токтом боюнча жол салуу иши Кыргыз темир жол башкармалыгынын жетекчиси Иса Өмүркуловго тапшырылган. Республикабыз боюнча алганда, бүгүнкү күндө колдонулбай калган 180 километрге жакын темир жол бар экен. Ошол темир жолдун алдына коюлган шпалын, анан рельсин жана башка тетиктерин чыгарып келип салсак бир топ арзан түшөт экен. Бул – бир. Экинчиден, жолдун таманын төшөгөнгө каражат издеп жатабыз. Жазга жуук бардык көйгөйлөр чечилет деп ойлойм. Анан ишти баштайбыз.

- Өлкөдөгү автоунаанын абалы тууралу да айтып берсеңиз?

- Негизинен, республикабызда транспорт системасы жеке менчикке өтүп кеткен. Бишкек шаарын ала турган болсок, шаардык муниципалдык менчик катары Бишкек – Ош – Жалалабад каттамдарын өздөрү тейлешет. Калган эл аралык каттамдарды, ошондой эле район аралык каттамдарды биз тейлейбиз. Негизинен, Бишкекте унаа маселесин чечилген деген ойдомун. Анткени, кичинекей микроавтобустарды жеке менчик ээлери алып келип, шаар калкын негизинен ошолор тейлешет. Бул бүгүнкү күндө республикабыздын өнүгүү шартына туура келген көрүнүш деп эсептейм. Ал эми келечекте баары бир чоң автобустардан турган каттамдарды жүргүзүп, элибизди арзан баа менен ташый турган деңгээлге жетишибиз керек. Ал үчүн Орусиянын автобус чыгарган бир компаниясы менен Кыргызстандын «Азия транс» деген компаниясы келишим түзүп, автобус алып келгенге макулдашышты.

- Жогоруда кошуна өлкөлөр тууралу да айтып кеттиңиз. Өзбекстан, Казакстан аркылуу жүк ташуучу машиналардын тоскоолдуксуз өтүшү боюнча кандай иштер жасалууда?

- Албетте, андай көйгөйлөр бар. Бул - биздин жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын Өзбекстан менен Казакстандан өтүүсү. Канчалык аракет кылганыбыз менен баары бир жүк ташуучуларга тосколдуктар Казакстандын аймагынан Орусияга өтүп кетип аткан жолдо болот. Бирок, Казакстандын өкмөтү тарабынан быйыл уруксат берүү кагаздары эки эсеге азайтылды. Ал мурда 300 доллар болсо, бүгүнкү күндө 150 доллар. Мындан ары дагы акырындап азайтканга аракеттер жасалууда.

- Кубанычбек мырза, буга чейин жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерлерди жалаң чет өлкөлүк компаниялар утуп алып, Кыргызстандын негизги жолдорун ошолор куруп келишти. Мындан кийин тендерде уткан Кыргызстандын ишканаларын көрүүгө болобу?

- «Азаттык» радиосу өзүңүздөр дагы жакшы билесиздер, ар кандай пикирлерди берип жүрөсүздөр. Ошол сыяктуу маселе тендерди өткөрүүдө да бар. Бирок, мен министр болуп келгенден бери мындай саясатты жүргүзө баштадым. Изилдеп көрсөм жергиликтүү компаниялардын тендерде уттуруп коюшуна алардын гарантия коё албаганында болуп жатыптыр. Алар ошол гарантиясын таба алышпай жатат. Гарантиясын таап алыш үчүн эмне кылуу керек? Ал үчүн мерчемдүү жолду куруу үчүн 50 млн. доллар каралган болсо, аны жетиге бөлүп, Кыргызстандык компаниялар гарантиясын таап бере турган деңгээлге жеткирип, андан кийин тендер өткөрүш керек экен. Мына ошонун натыйжасында, Бишкек-Георгьевка жолун өзүбүздүн “Юждортрансстрой” деген компания утуп алды. Ош – Бишкек жолунун үчүнчү фазасын өткөрүүдө бир гана компания жеңишке жетти. Ал - «Нарын гидроэнергострой». Ал компания Базаркоргондон Арсланбапка чейинки 52 чакырым жолду салуу укугун утуп алды. Эми мен республикабыздын атуулу катары жергиликтүү компанияларды көтөрүүгө, ошого шарт түзүп берүүгө бардык аракетимди жасайм.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG