Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

“АЛ-КАИДАНЫН” АКЧАСЫНА АҢЧЫЛЫК УЛАНУУДА


11-сентябрдагы окуялардан кийин террористтерди финансылык колдоодон ажыратуу максатында дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө атайын чалгындоо органдары түзүлдү, 170тен ашуун мамлекетте террорчулар пайдаланган банк эсептерин жапканга катаң көрсөтмөлөр берилди. Финансы тыңчылары “Ал-Каиданын”, башка да мандемдүү уюмдардын акча каражаттары кайдан пайда болуп, кандай жолдор менен террористтерге жетип жатканын иликтеп, мындай каналдарды тапканга аракет жасап жатышат. Бирок террористтер мурдагыдай эле өксүбөй каржыланып, өздөрүнүн кыянат пландарын ишке ашырганга жарамдуу бойдон калууда. Алардын финансылык булактарын кан буугандай кылып какшытуу үчүн дагы кандай чараларды көрүү керек?

Он биринчи сентябрдагы окуялардан отуз күн өткөн соң президент Жорж Буш террористтерге каршы финансы чөйрөсүндө да согуш ачканын жарыялаган. Буга байланыштуу ал дүйнөдөгү бардык банк жана финансы институттарына кайрылып, террористтерге тиешелүү эсептерди жапканга, алардын энчисиндеги акчанын агымы жөнүндө кеңири маалыматтарды берип турганга чакырган. “Эгер алар бу жагынан бизге жардамдашкысы келбесе, анда финансы министрлиги алардын Кошмо Штаттардагы бүткүл банк эсептери менен операцияларын токтотот”, - деп эскерткен Буш.

Арадан алты апта өткөн соң – 2001-жылдын 7-ноябрында америкалык президент бул темада дагы бир билдирүү жасап, терроризмге каршы жарыяланган дүйнөлүк согуштун финансы фронтунда арымдуу операциялар жүрүп жатканын,”Ал-Каиданын” казыналык ири очогу талкаланып,тогуздай уюмдун банк эсептери жабылганын ырастаган. Дүйнөлүк финансы уюмдарына эки жолдун бирин тандап алууну сунуш кылып:“Эгер террорчулар тарапта болсоңор,анда чоң домокко кабыласыңар”, - деп кайрадан эскерткен.

Ошондон бери туура эки жыл өттү. Бүткүлдүйнө боюнча террористтерге тийиштүү делинген 100 миллион долларга жетип-жетпеген капитал гана финансылык операциядан алынды. Мындан террордук уюмдар,биринчи кезекте “Ал-Каида” банкрот болуп кеткен жок.Мамлекеттик катчынын терроризмди финансылоого каршы күрөшүү боюнча орунбасары Хуан Зарете моюнга алгандай, “Ал-Каида” дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө шек-шыбаа туудурбаган адамдардын же соопкерчилик уюмдардын атынан банк эсептерин ачып, капиталынын бир бөлүгүн ошолорго которуп салды. Калган акчасын,ФБРдын директору Роберт Мюллердин сөздөрүнө ылайык, алмаз, алтын сыяктуу асыл таштарга айлантып, аларды соодалап,кайра кызыл дилде кылып алып жатат. Мындан тышкары террорчуларга көмүскөдөгү финансы системасы көмөктөшүүдө.

Арам капиталды адалдоого каршы күрөшүү боюнча оперативдүү топтун аткаруучу директору Патрик Муллет жакында бул чөйрөдө натыйжалуу операцияларды өткөрүүнүн сегиз пункттан турган планын сунуш кылды. Аталган планга ылайык, ар бир өлкө терроризмди каржылоо ишин кылмыш деп жарыялоого тийиш, бардык банктар өз кардалдарын так билүүгө жана мандемдүү ар кандай акча операциясы тууралуу илгиртпей кабарлап турууга тийиш.

Бул идеяда чоң жүйөө бар экени талашсыз, бирок буга дүйнөдөгү өлкөлөрдүн баарын, айрыкча байгер мамлекеттерди көндүрүү оңой болбойт. Ушуга байланыштуу өткөн аптада АКШнын сенатындагы талкуу-таңаштар маалында Ак үйдүн контртеррористтик кеңсесинин башчысы Ричард Кларк жаңы идеяларын ортого салды. Атап айтканда, ал финансылык чалгындоо милдетин аркалай турган атайын борбор түзүп, иштин баарына баш-көз болуу милдетин өлкөнүн финансы министрлигине жүктөө зарыл деп эсептейт. Кларктын ою боюнча, терроризмге каршы согуш кызып турган маалда федералдык өкмөттү кайра куруп,ички коопсуздук министрлигинин түзүү чекилик болду. Эми кеч болсо да чечкиндүү кадамдарды жасоо керек. Кларк биринчи кезекте аталган чөйрөдө кызматташуудан кылчактап жаткан финансы институттарынын Кошмо Штаттардагы “долларлык эсептерин” жабууну сунуш кылып, бул эл аралык финансы индустриясына атом бомбасы жарылгандай таасир калтырат эле деп билдирди.

Мындай идеяны бейтарап экономист Дэвид Жон авантюра деп атады. Кылмыштуу капитал өтө ыкчам өзгөрүп турат,ага каршы бүгүн колдонгон чара эртең жарабай калышы мүмкүн. Мунун ордуна Жон америкалыктар менен кызматташууну каалабаган банктар менен финансы мекемелеринин АКШдагы операцияларына чектөө киргизүү керек деп эсептейт. Ушундай ыкма менен гана аларды кызматташканга көндүрсө болот.
XS
SM
MD
LG