Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Феликс Куловдун жактоочулары жыйын курушат


Бишкек. 27-октябрда «Ар намыс» партиясынын учурда камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду коргоо боюнча республикалык комитеттин мүчөлөрү Кулов туулган Аламүдүн районундагы Байтик айылынын жанындагы тоо бетине «Куловго боштондук!» деген талабын таш тизип жазышат. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын маалыматына караганда, Куловду коргоо комитети мындай иш-чараны Феликс Куловдун 29-октябрдагы туулган күнүнө карата өткөрүшөт. Анын максаты Куловду боштондукка чыгаруу талабына бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу. Таш тизип жазуудан мурун Куловдун коргоочулар чакан жыйын өткөрүп, аны эркиндикке чыгаруу аракеттери тууралуу Байтик айылынын тургундарына маалымат беришет.

XS
SM
MD
LG