Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Депутат Таштанбеков: «Кыргыз парламенти мыйзамсыз аракетке бут тосо алган жок»


Бишкек. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны Адам сөөктөрүн пластинациялоочу борбордун башчысы, германиялык окумуштуу Гюнтер фон Хагенстин мындан ары да Кыргызстандан өлүктөрдү мыйзамсыз алып кетүүсүнө жолду кеңейтип берди. «Азаттык» радиосуна мындай пикирин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акбөкөн Таштанбеков 26-октябрда билдирди. Анын маалыматына караганда, палатанын адам сөөктөрүн сатуу маселесин караган өкмөттүк саатында башкы көңүл өлүктөрдү мыйзамсыз сатууга эмес, Гюнтер фон Хагенстин «депутат Таштанбеков чатакты жабуу үчүн акча сурады» деген жалган маалыматына бурулуп, депутаттык иликтөөнүн негизинде даярдалган токтом кабыл алынган жок. «Ушундан улам Гюнтер фон Хагенс менен анын өлкөдөгү өнөктөштөрүнүн Германияга жөнөтүүгө даярдалган 45 өлүктү жана 5 тонна адам мүчөлөрүн Кыргызстандан алып чыгып кетүү максаты ишке ашып, мыйзамсыз иштер дагы уланат», - деди депутат. Анын оюнча: «Бул иштин артында чоң акча жана ага жол ачкан бийликтеги адамдардын кызыкчылыгы турат».
Мыйзам чыгаруу жыйыны өлүк сатуу чатагын 24-октябрдагы өкмөттүк саатта карап, ишти депутаттык топ тартип коргоо органдары менен бирге кошумча иликтесин деген токтом кабыл алган.

XS
SM
MD
LG