Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:18

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН КЫЗЫНЫН САЯСАТТАГЫ КАДАМЫ КЫРГЫЗСТАНДА КАЙТАЛАНАБЫ?


25-октябрда Казакстандын президентинин кызы Дарига Назарбаева «Асар» аттуу республикалык партия түзүп, анын төрайымы болду. Ал казак президентинин саясатын толук колдогон таасирлүү партия болот. Саясатчылардын баамында, коңшулардын мындай кадамы Кыргызстанга да таасир бериши мүмкүн.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаева партиянын уюштуруу курултайынан кийин берген маалымат жыйынында партияны да, «Хабар» телеканалын да башкарууга жана ырчы катары өзүнүн жеке концертин да берүүгө жетишээрин жарыя кылды. Андан тышкары партия Казакстанды жаңылоо жана автору президент Нурсултан Назарбаев болгон «Казакстан-2030» аттуу программаны ишке ашыруу - башкы максаты экендигин кабарлады. Айрым массалык маалымат булактары «Назарбаев кызы Дариганы мураскорлукка даярдап жатат» деп жазып келишкендиктен, Назарбаеванын өлкө саясатына таасир бере турган партия түзүп, ири саясатка аралашуусун кыргыз коомчулугунун кээ бир өкүлдөрү Борбор Азияга таасир тийгизчу окуя катары кабылдашты.

Ал тууралуу «Жаңы Кыргызстан» партиясынын төрагасы Нур уулу Досбол мындай дейт:

- Бул көрүнүш бизде деле болуп келе жатат. Биздин президенттин кызы баш болуп партия түзүп, «Алга, Кыргызстан» партиясынын башында, көлөкөдө турат деп айтып жатышат. Демек, бизде деле эбак башталган.

Ал эми «Алга, Кыргызстан» саясий партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев президент Аскар Акаевдин тун кызы Бермет Акаеванын был партияга эч кандай тиешеси жок экендигин жана бийликти колдогон партия башына Б.Акаеванын президенттик жана парламенттик шайлоо алдында келээр же келбесин мезгил көрсөтөөрүн төмөнкүчө билдирди:

Бермет Акаев партиянын же анын структураларынын мүчөсү эмес. Экинчиден, ал кишинин партиянын жетекчилигине келиши мүмкүн деген пикирди айтууга эрте. Андай маалымат бизде жок. Ал биздин партияга мүчө болбогондон кийин биз аны кайдан айта алабыз?
XS
SM
MD
LG