Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:18

Ооганстандын Хост вилайетине караштуу орто мектепте жардыруу болду


Ооганстандын түндүгүндөгү Хост вилайетиндеги орто мектепте жардыруу болду. Жергиликтүү бийликтин билдиргенине караганда, мектептин эки бөлмөсү урап түшкөн. Жабырлангандар жок. Бул жардырууну талибдер уюштурду деген божомолдоолор бар. Талибдердин бийлиги учурунда кыздардын мектепке баруусуна тыюу салынган. Ооганстанда күтүүсүз кол салуудан 30га жакын мектеп жабыр тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG