Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Жакынкы Чыгышта кырдаал оор бойдон калууда


Кечээ Израил аскерлери Газа секторунан үч имаратты талкалашты. Мунун алдында ал жерден 2 миңдей палестин эвакуацияланды. Жөөт тарап өз кадамын талкаланган көп кабаттуу үйлөр террорчулар үчүн кызмат кылып келгени менен түшүндүрүүдө. БУУнун Жакынкы Чыгыш боюнча элчиси Терже Роед-Ларсен Израилдин аракетин сынга алып, бул эл аралык мыйзамдарды бузгандык болорун белгиледи. Мунун аралыгында палестиндердин "Хамас" уюмунун өкүлү алар жөөттөргө каршы кол салууну токтотуу маселеси боюнча палестин премьер-министри менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Кечээ Газа секторундагы атышууларда жөөт аскерлеринен ок жеп, кеминде эки палестин каза тапкан эле. Ал эми Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун кечээ өкмөт жыйынында жасаган билдирүүсүнө караганда, ал европалык лидерлерди палестин расмий өкүлдөрү менен Швейцарияда жашаган израилдик оппозициячыл саясатчылар даярдаган тынчтык планын колдобоого ынандырууга аракеттенет.

XS
SM
MD
LG