Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Орусиянын Ростов облусундагы шахтада куткаруу иштери улантылууда


800 метрдей тереңдикте камалып калган 13 кенчинин тагдыры азырынча белгисиз. Убакыт өткөн сайын алардын өмүрүн сактап калууга болгон ишеним азайууда. Аба шахтага желдеткич куурлар аркылуу компрессордун жардамы менен берилип жатат. Ростов облусундагы "Западная" шахтасын жер алдындагы көлдүн суусу өткөн бейшембиден бери каптоодо. Жума күнү куткаруучулар кырсык болгон жерден 33 кенчини аман-эсен алып чыгууга үлгүрүштү. Кабарларга караганда, эгер шахтага куюлуп жаткан суунун агымы токтобосо же азайтылбаса, эртеңки таңга маалга чейин ал толугу менен суу алдында калышы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG