Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:15

Болгариядагы жергиликтүү шайлоодо Социалисттик партия жеңип чыкканы болжолдонууда


Шайлоонун расмий жыйынтыктары бүгүн жарыяланат. Бирок, шайлоо бекеттеринен алдын-ала жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, өлкөнүн премьер-министри Симеон Сакскобурскинин Улуттук кыймылы шайлоодо жеңилип калды. Баштапкы маалыматтар боюнча, добуштардын 30%дайын мурдагы коммунисттердин Социалисттик партиясы алган. Экинчи орунга 21% добуш менен оппозициячыл уюм - Демократиялык күчтөрдүн союзу келмекчи. Ал эми премьер-министр лидерлик кылган Улуттук кыймыл 11% гана добуш алганы болжолдонууда. Жергиликтүү шайлоонун жыйынтыктарын Болгарияда 2005-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо калк ким үчүн добуш берээринин көрсөткүчү катары кароого болот.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG