Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

АКШ "ЮКОС"тун айланасындагы окуялардан кабатырланат


АКШнын Орусиядагы элчиси Александр Вершбоунун айтымында, Вашингтон "ЮКОС"тун башчысы Михаил Ходорковскийнин камакка алынышынан улам мыйзамдар иргелип колдонулуудабы деген ойго кетүүдө. М.Ходорковский кечээ Новосибирск шаарынын аба бекетинен кармалган эле. Орусиянын прокуратурасы "көз боёмочулукка барган", "салык төлөөдөн качкан" өңдүү бир нече кине тагып жаткан М.Ходорковский учурда убактылуу тергөө абагында олтурат. Ал эми "ЮКОС" компаниясы билдирүүсүндө өз жетекчисинин үстүнөн козголгон кылмыш ишинин саясий жүйөөсү бар экенин белгиледи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG