Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25

ШАЙЛООБЕК ДҮЙШЕЕВДИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ


Акын Шайлообек Дүйшеевдин поэзиясы бирде өткүр, курч илеп бүрксө, бирде аялуу да, муңайым… Айрыкча акындын учурдун талуу маселелерин көтөрүп, ачуу чындыкты сүйлөп, эл-жерге боор толгоп жараткан ырлары элге терең сиңип кеткен.

Алгач акын Шайлообек Дүйшеевдин «Апаларды сактайлы» аттуу ырына көңүл буралы.

«Кайгысын тартып кыздардын,
Карандаш болуп учталдым.
Учталдым, бирок аттиң ай,
Учталган сайын кыскардым.

Алтындан кымбат, алтындар,
Атаң бар үчүн баркың бар.
Атаңдын көзү өткөн соң,
Асманың кулап калкылдаар.

Ажалдан качып ким калды?
Аныңды байлаар тил барбы?
Атасыз калган бир арман,
Апасыз калган миң кайгы.

Апасыз аалам толо албайт.
Апасыз адам оңо албайт.
Атаң да арка-бел болоор,
А бирок төркүн болалбайт».

Акын Шайлообек Дүйшеевдин «Чөп чабык», «Кайдыгерлик», «Арабадагы ыр» китептери эл колунда. 20 басма табактан турган «Арабадагы ыр» китебинде акын өзү: «Элим, жыйган-терген байлыгым бир араба ыр болду, сага калп айткандан гана корктум», - дегениндей, элдин көйгөйүн, азап-арманын ачык ырга салган акындын жүрөк табы ар бир ырына өтүп, сакталуу…

«Ай батып кеткен иңирден,
Асманды көрдүм боз үйдөй,
Алда ким үчүн тигилген.
Айга окшоп батаар кезди эстеп,
Акырын жүрөк тилинген.
Шайтанын минген Кожожаш,
Шамалга сөөгү илинген.
Өмүрү турат адамдын,
Өлүмгө жаадай ийилген.
Күрү-күү түшүп күпүлдөп,
Күн чыккан сайын сүйүнгөн,
Күн чыккан сайын күбүлгөн,
Бейтаалай экен адамзат,
Бейишке бара жаткансып,
Бейитин көздөй жүгүргөн», дейт акын Шайлообек Дүйшеев «Ай батып кеткен иңирден» аттуу ырында.

- «Кайдыгерликтеги» ырларыңыз элге алынып кеткен. Бүгүнкү күндө сиздин жан-дүйнөңүздү дагы кандай жагдайлар түйшөлтүүдө?

- Менин жан-дүйнөмдү ооруткан нерсе - бүгүнкү күндө элибиздин бардык нерсеге кайдыгерлиги. Улуу түрколог Гумилев кыргыз элин эң байыркы элдерге кошкон. Ушундан улам ой кетет, «элдин да балалык чагы, өспүрүм кези, анан карыган чагы болобу» деп. Гумилев айткандай, кыргыз эли бүгүн карып калгандай, каржалгандай… Улут катары өзүн сактоого, тилин сактоого аракети өчүп, эртеңине кызыкчылыгын жоготуп, кайдыгер. Элибиздин мына ушул бейкапардыгы жүрөгүмдү катуу оорутчу болду, - деди акын Шайлообек Дүйшеев. Эми анын бүгүнкү күндү фалсафий кайманалаган «Чындык тууралуу» ырын окуп көрөлү.

«Бир бүркүт учуп келатып,
Чындыкты таппай өзүнөн,
Чырпыкта конуп отурган,
Чымчыктын көрдү көзүнөн.

Мен дагы ошол бүркүттөй,
Чындыкты издеп жер кездим.
Кызымды жолго узатып,
Уулумду колго терметтим.

«Бийик бол» дедим аларга,
Кузгундар өткөн дайрадан.
Чындыкты бирок көрдүм не,
Кык чокуп жүргөн каргадан.

Көр-жерге толду Көк дагы,
Көгүчкөн ээлеп уямды.
Торгойлор баскан жумуртка,
Учуруп жатат жыланды…»

Акын Шайлообек Дүйшеевдин калемине сырткы дүйнөнү көркөм сүрөттөө менен бирге, адам жан-дүйнөсүн ичтен кылдат туя билген жана ошол туюмду окурманга төкпөй-чачпай мелт-калт жеткире алган устаздык таандык. Айрыкча акындын «Карагайчы кемпир», «Айымай булак» поэмалары, ошондой эле «Жүз кат» ыр түрмөктөрү - карапайым адамдардын тагдырларын сүрөттөп, акындын бир дем менен эргип жазылган мыкты чыгармалары. Мисалы, «Жүз кат» ыр түрмөгүнөн он тогузунчу, он жетинчи каттардан үзүндү окуйлу:

Бул жакта турмуш башка,
Айылдын оту күйбөйт кактап меште.
Мугалим бала окутат айлык албай,
Какшап кечке.
Караңгы түнгө калсаң уруп кетет
Акмак бетке.
Оорусаң догдур эмес ажал келет
Аксап кечте…
Бастырмам урап калды,
Каруум жок кармаганга.
Кайрактын тили катты,
Чалгым жок кайраганга.
Алым жок,
Арабамды айдаганга…», дейт бүгүнкү айыл турмушунан аңгеме-дүкөн салган ырдагы кейипкер. Акын Шайлообек Дүйшеевдин басымдуу ырлары заман ырайын, эл үнүн ырдайт.
Акындын «Короодо Айды сагындым» аттуу ыры:

«Күн батыш жагым… Айнегим.
Шуудурайт кечки дарактар.
Мени да бир күн ушинтип,
Бирөөлөр ачып барактаар.

Кара жаан төгүп канча жыл,
Карарган көктү жамындым.
Кол менен жаккан шамды эмес,
Короодо Айды сагындым!»
XS
SM
MD
LG