Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:01

27-октябрда Аламүдүн районундагы Ортоалыш айылынын элүүгө жакын тургуну “Арнамыс” партиясынын жетекчиси Феликс Куловду түрмөдөн бошотууну талап кылып, нааразылык акциясын өткөрүштү. Айылдыктар шаардын түштүк-батышындагы Байтиктин Басбөлтөк тоосунун бооруна “55. Ф.Куловго боштондук!” деген таш жазууну тизишип, түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчынын проблемасына бийликтин көңүлүн бурууга аракеттеништи. Эгер талабы ишке ашпаса, нааразылык акциясын уланта бере тургандыктарын айтышты.

Тоо бооруна таш тизип, ага Феликс Куловдун атын жазуу аракети быйыл эле башталып жаткан жери жок. Былтыр ушундай аракети үчүн айылдын бир топ тургундарына сот тарабынан айыппул салынып, нааразылыгын канжолдун боюнда ачык билдиргендерге тартип коргоо органдары кыйла катаң чараларды көрүшкөн. Быйылкы саясий акция мурдагыга салыштырмалуу кыйла жупуну өттү. Феликс Куловду эл аралык уюмдар саясий туткун эсептеп, аны боштондукка чыгаруу өтүнүчүн айтып келишет. Ага чейин Феликс Кулов Карабуура аймагында парламенттик шайлоодо жеңип чыкканын айтып, оппозициядагы генералдын таластык шайлоочулары жарым жылга жакын Бишкекте пикет өткөрүшкөн. Айтор элдин, эл аралык уюмдардын Феликс Куловго байланыштуу өтүнүч-талаптары буга чейин канааттандырылган жок. Феликс Куловдун өзү эч качан кечирим сурабастыгын айтып келет:

- Биринчиден, мен эч качан кечирим сурабастыгымды айтып коеюн. Мага айтыш ыңгайсыз, мейли атып салышсын, кечирим сурабайм, - дейт Феликс Кулов.

Ал “эртеби-кечпи Кыргызстанда адилет шайлоо өтөт, бийликке башка адамдар келет” деп ишенет.

- Бир жылбы, жарым жылбы, айтор жаңы шайлоо болуп, бийликке башка адамдар келишет. Мен акталам. Себеп дегенде, эртеби-кечпи, бийликке кадимкидей адамдар келишет, - дейт Феликс Кулов.

Президент А.Акаев Ф.Куловдун ишинде эч кандай саясий маани-мазмун жок экенин, ал катардагы кылмыш иштеринин бирөө экенин быйыл 19-июлда өткөн “Өнөктөштүк форумунда” билдирген.

- Куловдун ишине мыйзам сактоо органдары көңүл бура баштагандан кийин ал ишке саясий өң-түс бере башташты. Бул өзү постсоветтик саясат мейкининде буга чейин колдонулуп келген, мындан кийин да колдонула берчү ыкма, - деп билдирген президент А.Акаев.

Антсе да президенттин мындай жүйөсү менен эл аралык укук коргоочу уюмдар, Куловдун жактоочулары макул эмес. Ф.Кулов азыркы кыргыз бийлигинен куугунтук жеген ишмер катары эл аралык Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка көрсөтүлгөн.

27-октябрда Байтиктин Басбөлтөгүндө нааразылык акциясын уюштургандар “Куловду тезинен боштондукка чыгарыш керек” деп эсептешет.

- “Бизди шаарга баары бир киргизбейт” деп, Феликс Куловдун туугандары менен айылдаштары Байтиктин Басбөлтөк тоосуна барып, Ф.Куловду туулган күнү менен куттуктап жазып келдик, - дейт Ортоалыш айылынын тургуну Чыңгыз Жумаканов. - Ушундай кылып, кичине болсо да өзүбүздүн куттуктообузду тоого жазып келдик. Былтыр молдобуз баш болуп барганбыз. Быйыл анчалык көп киши барганыбыз жок. Анан эми, Кудай буюрса, Ф.Куловдун туулган күнүндө барсакпы деп турабыз. Анан бизди милиция жибереби же жокпу – билбейбиз. Былтыр ушинтип барсак, ар бирибизге 700 сомдон 1000 сомго чейин айыппул салган. 3 балам бар, иштебейм. “Акча бербесең үйүңдөгү буюмуңду алабыз” деп коркутуп алышкан.

- Феликс баламды кармап, соттоп ийгенден бери соттун чечимине нааразы болуп, ушу убакка чейин жүрөбүз, -
дейт Ортоалыш айылынын карыясы, 70 жаштагы Адыл Жусупбеков. - Боштондукка чыгарышы керек эле. Нааразы болуп биздин эл, Байтик эли – баарыбыз пикетке да чыктык, бирок биздин үнүбүздү өкмөт укпай койду. Эмне кылаарыбызды билбейбиз. Бошотсун Феликсти!
XS
SM
MD
LG