Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Мунай дөө-шаасы камалгандан кийин, Орусияда баалуу кагаздар арзандап кетти


Юкос мунай компаниясынын жетекчиси, Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский апта соңунда камалгандан кийин, Орусиянын РТС индекси 9.3 пайызга төмөндөдү. Юкостун акциялары 20 пайызга арзандап кеткенде, Маскөө биржасы бул акциялар менен сооданы бир саатка токтотууга мажбур болду. Рубль да долларга карата катнашында жарым пайызга арзандады.
Президент Путин инвесторлорду акцияларын дүңү менен сатууга шашылбоого чакырып, бирок бизнесс өкүлдөрү жана саясий лидерлер менен кырдаалды талкуулоодон баш тартты:
– Мыйзам алдында баары тең болуш керек. Болбосо, экономикалык жактан майнаптуу, социалдык зарылчылыктарды эске алган салык системасын түптөй албайбыз, эч качан элди социалдык корлорго салык төлөп турууга үйрөтө албайбыз, эч качан уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны жеңе албайбыз.
8 миллиард доллардык байлыгы бар Ходоровский декабрдагы парламенттик шайлоонун алдында либералдуу оппозициячыл партияларды колдогону үчүн куугунтукка кабылды деп болжолдонууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG