Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Болгарияда жергиликтүү шайлоолордо экс-коммунисттер алдыга озуп чыгышты


Шайлоо комиссиясы билдиргендей, добуштардын 47 пайызы саналгандан кийин, эск-коммунисттик, азыркы Социалисттик партия добуштардын 33 пайызын алгандыгы маалым болду. 21 пайыз добуш чогулткан консервативдик Бириккен Демократиячыл Күчтөр партиясы экинчи болуп келатат.
Ал эми премьер-министр Симеон Саксе Кобургдун партиясы жана анын улуттук кабинеттеги шериги болгон Укуктар жана Эркиндиктер кыймылы 10 пайыз менен артта калышты.
Баш калаа Софиянын акими Стефан Софиянски оңчул күчтөр ынтымакка келгенде, биринчи айлампада эле жеңип чыкмак экенин белгилеп, ошол эле убакта шайлоонун жыйынтыгына ыраазы экендигин мындайча билдирди:
- Жакшы эле болду, ушул көрсөткүчкө жетиш да оңөй болгон жок.
Жекшембидеги шайлоого шайлоочулардын 33 пайызы гана келди.

XS
SM
MD
LG