Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:22

БАТЫШ МЕНЕН МУСУЛМАНДАР ОРТОСУНДАГЫ КЕР-МУР АЙТЫШУУЛАР


Нарын АЙЫП, Прага 16-октябрда Малайзиянын премьер-министри Махатхир Мохаммад дүйнөнү жөөттөр башкарууда деп жарыялады. Батыш коомчулугу анын бул жарыясын сынга алды, бирок АКШ жетекчилигинде да кээ бир кызматкерлер терроризмге каршы жүрүп жаткан азыркы согушту шайтан менен күрөшүү деп билет. Эксперттердин пикиринде, мындай кер-мур айтышуулар эч кимге пайда алып келбейт.

Махатхир Мохаммад өз жарыясын Малайзияда өткөн Исламдык конференция уюмунун саммитинде жасады жана бийик жыйынга катышкандар ага каршы чыккан жок. Мохаммаддын пикиринде, жөөттөргө каршы күрөшүү үчүн мусулмандар бардык мүмкүн болгон акылын пайдаланууга тийиш: "Мусулмандар бир топ күчтүү, бир миллиард 300 миллион калкты оңой менен жок кыла албайсың. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда европалыктар 12 миллион жөөттүн алты миллионун кырып салган. Бирок азыркы күндө жөөттөр дүйнөнү башкарууда, алар башкаларды өз кызыкчылыктары үчүн күрөштүрүп, жөөттөр үчүн алар жанын берип жатканга да жетишти".

Мындай көз караш жалаң эле Малайзия премьерине эле таандык эмес, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы террор чабуулдарын жасагандар жана аларды кийин колдоп-жактагандар дүйнөдө орноп бараткан АКШнын үстөмдүгүнө каршы чыгууда жана алардын пикиринде, Америка Кошмо Штаттарындагы бийлик дагы азыр жөөттөрдүн колунда.

Ошол эле учурда аталган террор аракеттери америкалык коом арасында дагы арабдарга жана мусулмандарга карата каршы маанай жаратты. Ал эми АКШ коргоо министринин орун басарынын жардамчысы генерал Уильям Бойкин ар башка жыйындарда террорчулукка каршы азыр жүрүп жаткан күрөштү шайтан менен согуш дегенге чейин барды. 1990-жылдардын башында Сомалиде АКШ аскерлерине каршы согушкан бир аскербашы “мен жеңилбейм, анткени менин артымда Алла турат” деп айткан сыяктуу, Бойкин өзүнүн кээ бир сөздөрүндө “менин кудайым алардыкынан өйдө, биздин кудай чыныгы кудай, алардыкы жөн гана кыял” деп да айткан.

Эмне үчүн Пентагон генералы мусулмандарга каршы мындай сөздөрдү айтып жатат деген суроого коргоо министри Доналд Рамсфелд ар бир инсан өз пикирин ачык айтууга укуктуу деп жооп берген: "Аскерий же аскерий эмес кызматкерлер, өкмөт же Конгресстин өкүлдөрү ар башка учурларда ар башка пикир айтат. Биз ушундай коомдо жашайбыз. Биз эркин элбиз. Мындай көрүнүш биздин өлкөнүн өзгөчөлүктөрүнүн бири. Жана андай пикирлердин баарын текшерип, тиги же бул пикирди көзөмөлгө алуу аракеттери, менин оюмча, туура эмес болмок".

Бирок Вашингтон шаарында жайгашкан Америка-Ислам байланыштары боюнча кеңеш президент Жорж Бушка кайрылып, Бойкинди кызматтан алууну сунуштады. Буш өзү дагы эл аралык террорчулукка каршы көрүлүп жаткан аракеттер эч кандай мааниде жалпы арабдарга же мусулмандарга каршы багытталган чара эмес деп такай билдирип келет. Ошондуктан, Пентагон генералы сүйлөгөн сөздөргө караганда, Малайзиянын премьери жасаган жарыя алда канча коркунучтуу, анткени мусулман коомунун өзүндө ага эч ким азырынча каршы чыгып, аны сынга ала элек.

Анткен менен, президент Буш да кеээде катуу сөздөрдү колдонот жана "ал-Каида" уюмун же аны жетектеген Усама бин Ладенди шайтан, балакет деп сыпаттаган учурлары көп. Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны ал "балакеттин үчилтиги" деп атаганы дагы эл аралык коомчулук арасында бир топ карама-каршы пикирлерди жаратты. Мындай сөздөр жана жарыялар эл аралык маселелерди чечүүгө көмөктөшпөйт жана америкалык эксперт Леон Фуэрттин айтымында, "балакеттин үчилтигине" кирген Түндүк Корея менен, мисал үчүн, сүйлөшүү жүргүзүү жараянына жолтоо болууда.
XS
SM
MD
LG