Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:47

Ысыккөл облусунда майыптар көбөйдү


КАРАКОЛ. Облустук медициналык эксперттик комиссиянын маалыматына караганда, быйыл 9 ай ичинде эксперттик комиссияга 1618 адам кайрылып, анын 1544 майып деп табылды. Алардын ичинен 912 адам эксперттик комиссиядан кайрадан өтүп, 38и I топтогу, 786сы II топтогу, 88и III топтогу майыптардын катарына кошулушту. Айрыкча улгайган адамдардын социалдык шарттарынын оордугу, климаттын өзгөрүшү өткөн жылдарга салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр, шишик ооруларын жана эндокриндик ооруларды кескин күчөтүүдө. Маселен, былтыр жүрөк оорулары менен жабыр тарткандар калктын 37%, ал эми шишик ооруларына чалдыккандар 12% түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG