Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Кыргызстандын өкмөт башчысы Орусияга кетти, андан соң Италияга барат


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕврАзЭС) Мамлекет аралык кеңешинин жыйынына катышканы Москвага жөнөп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, эртең боло турган жыйындын күн тартибинде 18 маселе бар. Алардын арасына ЕврАзЭСтин бирдиктүү бажы тарифин түзүү, бирдиктүү экспорттук көзөмөл жүргүзүү сыңары маселелер кирет. Мындан тышкары, өкмөт башчылары уюмдун 2004-жылдагы бюджетин карап, уюмга мүчө мамлекеттердин уюмдун бюджетине карыздарын жоюу маселесин да талкуулашат. Жыйында уюмдун баш катчысы Григорий Рапота Мамлекет аралык кеңеш буга чейин кабыл алган чечимдердин аткарылышы тууралуу маалымат берет. Жыйын Кыргызстан менен Тажикстандын суу ресурстарын пайдалануу маселесине да кайрылат.
Ал эми 28-31-октябрь күндөрү Италиянын Порто Сорво шаарында туризмди комплекстүү өнүктүрүүгө арналган эл аралык семинар болот. Ага Кыргызстандын премьер-министр Николай Танаев баштаган чоң делегациясы катышат. Делегациянын курамында экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев, Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Равшан Жээнбеков, Жогорку Кеңештин эки палатасынын депутаттары бар. Өкмөттүн басма сөз кызматынан алынган маалыматка караганда, кыргыз делегациясы ал жакка Ханзаада Агахандын чакыруусу менен барат. Семинарда премьер-министр Николай Танаев Кыргызстандагы туризмдин абалы жана аны өнүктүрүүнүн багыттары тууралуу билдирүү жасайт.

XS
SM
MD
LG