Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Эсеп палатасы 605 млн. сом жана 1,7 млн. доллар өлчөмүндө финансылык мыйзам бузууларды аныктады


БИШКЕК. Соңку 9 ай аралыгында Эсеп палатасы 1018 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 605 млн. 99 миң сом жана 1 млн. 706 миң доллар өлчөмүндө каржылык тартип бузуулар аныкталган. Анын ичинде 69 млн. 361 сом жана 25 миң доллар мыйзамсыз колдонулган. 9 млн. 945 сом жана 35 миң доллар уурдалган. Мындан тышкары, 5 млн. 205 миң сом жана 774 миң доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик кредиттер документте көрсөтүлбөгөн максатта пайдаланылган. Бул тууралуу бүгүн Эсеп палатасынын басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG